Редакцияот 23.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш V - сессиясы

 

2025-жылдын 23-майы № 65

  Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын №01-10/1544 сандуу каты жөнүндө

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын №01-10/1544 сандуу каты каралып чыгып, катта көрсөтүлгөн маселелер боюнча  өкүлдөр сессияга чакырылганына карабастан, алардын негизсиз себептер менен келбей калуусу эске алынып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын №01-10/1544 сандуу каты                             канааттандырылбасын. Негиз: Кызыл-Кыя мэриясы тарабынан эки жолу өкүлдөр сессияга чакырылган, бирок негизсиз себептерден улам келишкен эмес.

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мыйзамдуулук маселелери боюнча      туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Юлдашов