Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз II отуруму
2024-жылдын 17-апрели № 17
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жазгы талаа жумуштары жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы К. Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жибек-Жолу айылдык кеңешинин отуруму токтом кылат:
1. Колдо бар болгон айыл чарба техникаларын, шаймандарын пайдаланып жазгы талаа жумуштары өткөрүлгөндүгү жана жайлоого көчүп-конуу боюнча элдик жыйындар өткөрүлгөндүгү белгиленсин;
2. Калкты Алай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан берилип жаткан күйүүчү май жана сапаттуу үрөн менен камсыз кылуу жагы колго алынсын;
3. Элдик жыйында кабыл алынган чечимге ылайык 1-10-майдан калбай көчүп кетүү, өз мөөнөтүндө көчүп келүү боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүү тургундар менен тыгыз байланышта иш алпаруу ар бир айыл башчыга милдеттендирилсин;
4. Жашыл-Мурас улуттук компаниясынын алкагында отургузулган көчөттөрдүн өсүшүн көзөмөлдөө, кышка карата тоютту камдоого азыртадан көңүл буруу жана чөп орунду жерлерин коргоо боюнча уюштуруу иштери жүргүзүлсүн;
5. Эс алуучу жай иштеткен жарандар айыл өкмөтү тарабынан уюштурулган ишембиликтерге тартылып, бөлүнгөн аймактарын таштандыдан арылтуу иштерин уюштурсун.
6. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Тажибаевге көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссия милдеттендирилсин.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |