ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 16-июлу № 46
Фрунзе айыл аймагынын аймагында жайгашкан карьерлерди башкарууга Фрунзе айыл өкмөтүнө макулдук берүү жана 2025-жылдын 20-марты №28 токтомун күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык, табигый ресурстарды натыйжалуу жана рационалдуу пайдалануу, айыл өкмөтүнүн муктаждыктарын камсыз кылуу жана жергиликтүү инфраструктура менен экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу максатында, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл аймагынын, аймагында жайгашкан карьерлерди айыл өкмөтүнүн муктаждыктары үчүн да, коммерциялык максаттар үчүн да, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланууга жана башкарууга макулдук берилсин.
2. Карьерлерди пайдалануу процесси ачык-айкын жүргүзүлүп, жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктары жана экологиялык ченемдер сөзсүз түрдө эске алынсын.
3. Фрунзе айылдык кеңешинин 2025-жылдын 20-мартындагы № 28 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясияларына жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |