Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги III отуруму
2024-жылдын 25-апрели № 19
Кызматкерге ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 сандуу каты жана “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен келишим түзүп, бекитүү жөнүндө Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекетттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин 20.12.2019-жылдагы №23-1/8343 сандуу каты жана “Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен келишим түзүлүп, бекитилсин;
2. Келишимдин негизинде мыйзамга ылайык иш алып баруу жоопкерчилиги Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн коммуналдык иштер, таза суу, ирригация, таштанды маселеси боюнча адиси Максутали уулу Айбекке жүктөлсүн;
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. А. Тажибаевге тапшырылсын
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |