Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 45
«Нива» Айыл чарба өндүрүштүк кооперативине таандык мүлктөрдү айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-статьясынын 5-пунктуна жана «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-статьясына ылайык, айыл өкмөт башчысы Б.Т.Ашыкеевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Чалдовар айылынын, Ленин көчөсүнүн №101 дарегинде жайгашкан «Нива» Айыл чарба өндүрүштүк кооперативине таандык, жалпы аянты 558,62 м² болгон клуб имаратты жана 910,0 м² жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
2. Чүй облусунун, Панфилов районунун, Чалдовар айылынын, Ленин көчөсүнүн №134 дарегинде жайгашкан «Нива» Айыл чарба өндүрүштүк кооперативине таандык, жалпы аянты 260,52 м² болгон административдик имаратты (контора) жана 480,0 м² жер тилкеси, айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б.Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |