Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 39
Таштанды чыгарылычу полигону «Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишканага иштетүүгө берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин 5-пунктуна, ошондой эле Фрунзе айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Бектурганованын Фрунзе айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан 4,9 гектар аянттагы таштанды полигонун «Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишкананын башкаруусуна өткөрүү тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, таштанды полигонун натыйжалуу башкарууну, иштетүүнү жана тейлөөнү, санитардык абалды жакшыртууну жана катуу тиричилик калдыктарын үзгүлтүксүз чыгарып турууну камсыз кылуу боюнча маалыматын угуп, талкуулап Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 4,9 гектар аянттагы таштанды полигонун «Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишканасына убактылуу башкарууга берүү жөнүндө макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө полигондун өткөрүлүшүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү документтерди даярдоо жана тариздөө тапшырылсын.
3. «Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишканасына төмөнкү милдеттер жүктөлсүн: -Полигондун аймагын санитардык жактан таза кармоону камсыз кылуу; -Катуу тиричилик калдыктарын үзгүлтүксүз кабыл алуу, жайгаштыруу жана жок кылуу иштерин уюштуруу; -Полигондун иши боюнча айыл өкмөтүнө жыл сайын отчет берүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |