Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июну № 38
«Фрунзе айыл аймагынын шайлоо участогунун схемасын жана чектерин бекитүү жөнүндө»
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген шайлоо округдарынын жана шайлоо участкаларынын схемаларын жана чектерин башкаруу тартиби жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык, Фрунзе айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл аймагынын участкалык № 7392, №7394, №7395, №7396 шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары (№1 тиркеме).
2. Фрунзе айылдык кеңешинин токтому жана бекитилген №1 тиркемеси Панфилов райондук аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Фрунзе айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Б.С. Усупбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | Дюшалиев М.К. |