Редакцияот 03.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылыш VII - сессиясы

 

2025-жылдын 3-июлу № 94

 Көк-Талаа айылынын тургуну Исманова Саадат Жумабаевнанын кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл аймагына караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Исманова Саадат Жумабаевнанын кайрылуусу каралып чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусунун негизинде, Майдан айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

    • Көк-Талаа айылынын тургуну Исманова Саадат Жумабаевнанын көп жылдан бери пайдаланып жүргөн азыркы учурда турак жай салган  0,10га жерин мыйзам чегинде  мыйзамдаштырып берүүгө макулдук берилсин.
    • Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын даярдоо тапшырылсын.
    • Бул токтомдун аткарылышын Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы өз көзөмөлүнө     алсын.

 

 

Төрага

А.Юлдашов