Загрузка документа…
ЖИБЕК-ЖОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жибек-Жолу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IV отуруму
2024-жылдын 28-майы № 22
Мектепке чейинки билим берүү мекемелерин жайкы каникулга таратуу жөнүндө
Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы К. Жумабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн ата-энередин чогулушунун протоколунун негизинде Жибек-Жолу айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Балдар бакчасында тарбияланып жаткан балдарды жайкы каникулга таратуу боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде өткөрүлгөн ата-энередин чогулушунун протоколу эске алынсын;
2. 2024-жылдын 1-июнунан тартып 31-августуна чейин мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдарды жайкы каникулга таратууга уруксат берилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж. Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Орозали уулу Таалайбек |