ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН СЕССИЯСЫ 9-чакырылыш
2025-жылдын 20-майы № 35
Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтүнүн Панфилов району Чүй облусу Уставын кайра каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-марындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобо ылайык, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Фрунзе айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
Токтом кылат:
1. Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтүнүн Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Толук фирмалык аталыш:
- мамлекеттик тилде: "Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү Панфилов району Чүй облусу" мекемеси
- расмий тилде: Учреждение «Фрунзенский айыл окмоту Фрунзенского айылного аймака Панфиловского района Чуйской области»
Кыскартылган фирмалык аталыш
- мамлекеттик тилде: "Панфилов районунун Фрунзе айыл өкмөтү" М-е
- расмий тилде :У-е "Фрунзенский айыл өкмөтү Панфиловского района"
3. Дареги: Төмөндөгүдөй өзгөрүлсүн Кыргыз Республикасы Чүй облусу Панфилов району Чалдовар айылы, Ленин көчөсү 353.
4. "Чүй облусунун Панфилов районунун Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү "Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында мыйзамдуу тартипте кайра каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
6. Ушуну менен анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик органдар жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы тастыкталат.
Төрага | Дюшалиев М.К. |