Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 32
Калкка кызмат көрсөтүү үчүн техникалык жабдууларды сатып алуу долбоору жөнүндө
Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, ошондой эле инфраструктураны модернизациялоо зарылдыгын жана Фрунзе айыл аймагынын жашоочулары үчүн керектүү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууну эске алуу менен Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Фрунзе айыл аймагында калкка кызмат көрсөтүү үчүн "Техникалык жабдууларды сатып алуу" долбооруна макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы 364 300 сом суммасында "Техникалык жабдууларды сатып алуу" долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Иштелип чыккан долбоор Чүй облусунун Өнүктүрүү фондуна ишке ашыруу үчүн каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана баалоо үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |