Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 31
Машыгуу аянтчасын куруу долбоору жөнүндө
Инфраструктураны жакшыртуу жана калктын дене тарбиясы жана активдүү эс алуусу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле Фрунзе айыл аймагында спорттук базаны өнүктүрүү зарылдыгын эске алуу менен спорт аянтчасын куруу боюнча долбоорлорду угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Фрунзе айыл аймагында машыгуу аянтчасын куруу долбооруна макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөт башчысы 1491204 сом суммасына "спорт аянтчасын куруу" долбоорун иштеп чыгуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылсын.
3. Иштелип чыккан долбоор Чүй облусунун Өнүктүрүү фондуна ишке ашыруу үчүн каржылоо мүмкүнчүлүгүн кароо жана баалоо үчүн жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Т. Ашыкеевге жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |