КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025–жылдын 31-июлу № 12/47
Автотранспорт каражатын өткөрүп алуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 31-июлундагы №10 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын балансындагы 2012-жылы чыгарылган кузову №JNITCSY61Z0584869 “NISSAN PATROL” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп алуугамакулдук берилсин.
- Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Бектуров Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын балансындагы 2012-жылы чыгарылган кузову №JNITCSY61Z0584869 “NISSAN PATROL” үлгүсүндөгү автотранспорт каражатын Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп алууну камсыздасын.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, архитектура жана курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Аматов
|