Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 27
«Участкалык шайлоо комиссияларынын курамына талапкерлерди бекитүү тууралуу»
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июлундагы №62 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна жана 5-пунктуна, ошондой эле 2011-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын жана резервинин курамына көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча протоколдорду жана маалыматтарды карап чыгып, Фрунзе айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 7392, 7394, 7395, 7396-номердеги шайлоочулар жыйынынан көрсөтүлгөн талапкерлерден түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитилсин №1 тиркемеге ылайык
2. Фрунзе айылдык кеңеши бул токтомду, жыйын протоколдорун жана көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маалыматтарды Панфилов аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Б.С Усупбековага жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |