Редакцияот 04.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл округунун айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XI-сессиясынын

 

2025-жылдын 4-августу №98

    Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы  “ Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 11- пункутуна ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-июлундагы №03-04/652 сандуу кайрылуу катынын негизинде, ”Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нишанбай уулу Уланбектин билдирүүсүн угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акылары тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2.    “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн төлөм акыларын тиркемеге ылайык жыйноо жагы ”Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Нишанбай уулу Уланбекке тапшырылсын.

 

3.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагын өзүмө калтырамын.

 

 

Төрага

К. Шакиров

 

                                                                                                                        Тиркеме

 

                                                         Суу-Башы айыл аймагынын айылдык

                                                                                          кеңешинин VIII чакырылышынын

                                                                      кезексиз XI сессиясынын

                                                                                          №98 токтомуна тиркеме

 

Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Булак-Тазалык” муниципалдык ишканасынын коммуналдык кызматтарынын төлөмдөрү.

 

                                                      Баалардын көрсөткүчү.

 

№

Кызматтардын аталышы

Бирдиктүү өлчөм

Айына

Суммасы (сом)

1

Калкка

 

кожолук

1айга

100

2

Бюджеттик мекемелерге

1м2(имарат)

1айга

10

 

3

Өндүрүштүк мекемелерге

1м2(имарат)

1айга

10

 

4

Коммерциялык түйүндөргө жана уюмдарга

1м2(имарат)

1айга

10

 

 

 

 

 

Жооптуу катчы:                                                                      Р.Нурматова