Редакцияот 04.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл округунун айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XI-сессиясынын

 

2025-жылдын 4-августу №99

 “Мамлекеттик лизинг компаниясынан ” айыл өкмөтүнүн башчысы үчүн кызматтык авто унаа алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633 тескемесинин негизинде,  Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  Д.Макановдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1.  Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн натыйжалуу жана ыкчам уюштуруу максатында, кызматтык авто унааны лизингге сатып алууга макулдук берилсин. 

 

  1.  Автоунаа лизингге алуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлсүн.

 

3.    Токтом каттоодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагын өзүмө калтырамын.

  

 

Төрага

К. Шакиров