Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-март № 23
Кызматтык пайдалануу үчүн автоунаа ижарага алуу жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүн камсыз кылуу, кызматтык тапшырмаларды аткарууда ыкчамдыкты жогорулатуу жана административдик-техникалык муктаждыктарды канааттандыруу максатында автоунаа ижарага алуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Фрунзе айыл өкмөтүнүн ишин камсыз кылуу үчүн мамлекеттик номер белгиси 08 KG 553 AGP болгон HONDA CR-V үлгүсүндөгү автоунааны, анын ээси Ашыкеев Калыс Табылдиевичтен кызматтык пайдалануу максатында ижарага алууга уруксат берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Бектургановага автоунааны ижарага алуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишим түзүү тапшырылсын.
3. Ижарага байланыштуу чыгымдарды айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинин алкагында каржылоо финансы-экономика бөлүмү тарабынан камсыздалсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышына Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Ашыкеев Б.Т. жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |