Мазмунга
ДалилКыргыз Республикасынын укуктук китепканасы
Меню
Далилден сураңыз
Тил
Башкы бетКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүӨзгөртүүлөрСервис жөнүндөДалилден сураңыз
Каталог/Токтом
ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-ноябры № 215 «2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек, Кара-Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө» токтому

Реквизиттер

ОрусКырг
Номер
№ 215
Кабыл алынган
2024-жылдын 23-ноябры
Чыгарган
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

Каттоо жана жарыялоо

Каттоо
№ 21 · 2024-жылдын 24-декабры
Жарыялоо
газета "Эркин-Тоо" № 91 · 2024-жылдын 26-ноябры
Реестрде
2024-жылдын 24-декабры

Реестрде

Минюст коду
230031048

Минюсттун расмий барагы

Иш, бизнес жана окуу үчүн
укуктук маалымат.

Компания

Сервис жөнүндөКаталогМыйзам долбоорлоруКалыптарДокументти текшерүүДалилден сураңыз

Компаниянын реквизиттери жана байланыштар азырынча кошула элек.

Көз карандысыз маалыматтык сервис. Маалымат КР Юстиция министрлигинин укуктук маалымат банкынан автоматтык түрдө алынган жана ката кетиши мүмкүн. Юридикалык чечимдер үчүн расмий булак менен салыштырыңыз.

© 2026 dalil.kg
Редакция23.11.2024 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ

 

 2024-жылдын 23-ноябры № 215

 

2024-жылдын 17-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек, Кара-Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу жөнүндө

 

2024-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-сентябрындагы № 256 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Сары-Челек, Кара-Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо болуп өттү.

"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 62-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 136 токтому менен бекитилген "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү уюштуруунун жана өткөрүүнүн, аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык:

- участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу жана аралыктан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө аралыктан добуш берүү участкалык шайлоо комиссияларынын 2024-жылдын 17-ноябрындагы протоколдордун негизинде Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду болуп өттү деп тааныды жана Сары-Челек, Кара-Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо натыйжаларын белгиледи.

Сары-Челек, Кара-Камыш, Ак-Жол, Ак-Суу, Кош-Дөбө, жана Үч-Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө арыз даттануулар келип түшкөн жок.

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 17-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 51, 59-1, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын 2024-жылдын 21-ноябрындагы депутаттарды шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдору бекитилсин:

- Сары-Челек айылдык кеңешинин (1-тиркеме);

- Кара-Камыш айылдык кеңешинин (2-тиркеме);

- Ак-Жол айылдык кеңешинин (3-тиркеме);

- Ак-Суу айылдык кеңешинин (4-тиркеме);

- Кош-Дөбө айылдык кеңешинин (5-тиркеме);

- Үч-Коргон айылдык кеңешинин (6-тиркеме).

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Аксы аймактык шайлоо комиссиясына жана тийиштүү айылдык кеңештерине жөнөтүлсүн.

4. Аксы аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жарыялангандан кийин 3 күндүк мөөнөттө шайланган депутаттарын каттасын жана аларга ырастамаларды, белгиленген үлгүдөгү төш белгилерди тапшырсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.У.Шайназаровго жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

 

Н.Шайлдабекова

 

 

Түзүм

Бул документте бөлүмдөр табылган жок.