Загрузка документа…
ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 07-марты № 22
Тиричилик калдыктарын чыгаруу жана турак жайларды суу түтүк тармагына кошуу кызматтарынын тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 2-беренесинин 11-пунктуна ылайык, «Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишканасынын директору Джапаралиев К-нын тарифтик эсептөөлөр боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Коммерциялык объекттер (анын ичинде дүкөндөр жана дарыканалар) үчүн тиричилик калдыктарын чыгаруу боюнча кызматтын тарифин 1 (бир) килограмм калдык үчүн 3 (үч) сом өлчөмүндө бекитүү. Тиркеме №1: тарифтик сетканын эсептөөсү.
2. Жеке турак жайларды негизги суу түтүк тармагына кошуу (врезка) кызматын көрсөтүү боюнча тарифти 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө бекитүү.
3. «Чалдовар-Сервис» муниципалдык ишканасына жогорудагы кызматтарды бекитилген тарифтерге ылайык сапаттуу көрсөтүүнү камсыз кылуу тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Дюшалиев М.К. |