Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-августу № 494
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мыйзамдарды системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 18-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) ушул Жобонун 24 жана 25-главаларында каралган лицензияларга карата лицензияда/тиркемеде көрсөтүлгөн иш жүзүндөгү дарекке шайкеш келбеген дарек боюнча (географиялык аталышы өзгөргөн учурлардан тышкары) иш жүргүзүү фактысы белгиленген.";
- 69-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пунктча менен толукталсын:
"3-1) ушул Жобонун 24, 25-главаларында каралган лицензияларга карата лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу жердин географиялык аталышын (дарегин) өзгөртүүдө;";
- 24-глава төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"24-глава. Жеке медициналык мекемелер жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишти (жеке медициналык мекемелерде же жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары) лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү
157. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдары жана жеке ишкерлер тарабынан жүзөгө ашырылуучу медициналык ишке лицензия (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишинен тышкары) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилет.
158. Ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык иштин түрлөрү лицензияланууга тийиш.
159. Жеке медициналык ишке берилген лицензия убактылуу, ээликтен ажыратылгыс болуп саналат, анын колдонулушу лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу аймагы (дареги) менен чектелет.
160. Медициналык ишти жүргүзүүгө лицензия беш жылдык мөөнөткө берилет. Лицензия изденүүчүнүн арызы боюнча лицензия 5 жылга жетпеген мөөнөткө берилиши мүмкүн.
161. Жеке медициналык ишке лицензия алуу үчүн арыз ээси кошумча түрдө төмөнкү документтерди берет:
1) арызда көрсөтүлгөн медициналык иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн турак эмес кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ээлик кылуунун, пайдалануунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастоочу, укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү (кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими жана башкалар);
2) пациенттер жана медициналык кызматкерлер үчүн медициналык аппаратуранын жана жабдуулардын коопсуздук ченемдерине шайкештигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (метрологиялык корутунду, текшерүү актылары, режимдик комиссиянын актысы);
3) арызда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу турак эмес кыймылсыз мүлктүн (жайлардын/ кабинеттердин) санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, эрежелерге жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун ырастоочу документ (санитардык-эпидемиологиялык текшерүү актысы);
4) медициналык калдыктарды утилдештирүү келишими (зарылдыгына жараша);
5) медициналык иштин түрлөрүн сапаттуу жана коопсуз жүзөгө ашырууну камсыз кылган квалификациялуу адистердин бар экендигин ырастоочу документтер (медициналык билими жөнүндө диплом, интернатураны/ординатураны аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар, берилген адистик боюнча жарактуу квалификациялык же аттестациялык сертификат, эмгек китепчеси).
162. Жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашыруудагы лицензиялык талаптар жана шарттар:
1) төмөнкүлөрдүн болуусу зарыл:
- лицензия изденүүчүнүн жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, лицензиялануучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, санитардык-эпидемиологиялык жана өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык жайлардын;
- ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык минималдуу талаптар боюнча лицензиялануучу иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, лицензия изденүүчүнүн жеке менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, метрологиялык ченемдерге жана техникалык коопсуздук ченемдерине ылайык келген медициналык жабдуулардын, аппаратуралардын;
2) медициналык ишти төмөнкү шарттар милдеттүү түрдө сакталган учурда саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык так жүзөгө ашыруу:
- колдонуудагы клиникалык протоколдорго, саламаттык сактоо жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларга жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын актыларына ылайык сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген үлгүлөр жана формалар боюнча баштапкы медициналык документтерди жүргүзүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген форма боюнча эсепке алуу-отчеттук медициналык документтерди жүргүзүү;
- саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен жыл сайын статистикалык отчеттуулуктун формасына ылайык иштин ар бир түрү боюнча өзүнчө отчет берүү;
- адистерди алмаштырууда - лицензиарга 30 календардык күндүн ичинде маалымат берүү;
- жумушка кабыл алынган медициналык кызматкерлерге бир эле учурда экиден ашык эмес медициналык мекемелерде иштөөгө уруксат берилет;
- медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациядан өтүү.
163. Лицензиат жеке медициналык иштин лицензиялануучу түрлөрүн жүзөгө ашырууда ушул Жобонун 161-пунктунда каралган талантардан жана шарттардан тышкары төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) медициналык жардам көрсөтүүдө оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү максатында калкка медициналык жардам көрсөтүү менен байланышкан оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алууга багытталган колдонулуучу медициналык процедуралардын, медициналык багыттагы буюмдарды жана медициналык жабдууларды, шаймандарды дезинфекциялоонун жана стерилизациялоонун коопсуздугу боюнча санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоого;
2) медициналык калдыктардын бардык түрлөрүн бөлүү, чогултуу, таңгактоо, маркалоо, эсепке алуу, сактоо, ташуу, жугушсуздандыруу/ зыянсыздандыруу, көмүү боюнча талаптарды сактоого;
3) дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагына ташып киргизилген дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды колдонууга;
4) консультациялык-методикалык жардам алуу үчүн алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн адистерди чакыруу учурунда билим берүү документтерин милдеттүү нострификациялоодон алдын ала өтүүгө.";
- 165, 166-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"165. Фармацевттик ишке берилген лицензия мөөнөтсүз, ээликтен ажыратылгыс болуп саналат, анын колдонулушу лицензиялануучу иш жүзөгө ашырылуучу аймагы (дареги) менен чектелет.
166. Фармацевттик иш төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) дары каражаттарын өндүрүү;
2) медициналык буюмдарды өндүрүү;
3) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды дүң сатуу (дистрибьюция);
4) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды ташып киргизүү (импорттоо);
5) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды чекене сатуу;
6) дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды даярдоо;
7) саламаттык сактоо уюмдарында дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды сактоо жана берүү.
Бир обочолонгон имаратта фармацевттик иштин бир нече объекттери ачылган учурда администрациялык-тиричилик жайлары жалпы болушу мүмкүн.";
- 167-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 168-пунктта:
1-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) арызда көрсөтүлгөн фармацевттик иштин түрүн жүзөгө ашыруу үчүн турак эмес кыймылсыз мүлккө жеке менчик укугун же ээлик кылуунун, пайдалануунун башка мыйзамдуу негиздерин ырастоочу, укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтердин көчүрмөлөрү (кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими жана башкалар);";
2-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
- 169-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) фармацевттик кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана аттестациядан өтүү.";
- 173-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жогорку фармацевттик же медициналык билими бар, медициналык буюмдарды сактоо бөлүгүндө кошумча кесиптик билим алган адистин болушу;";
- 174-пункттун 6-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) алыскы калктуу конуштарда даяр дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын дарыканасынын аянты - 20 кв.м кем эмес;";
- 175-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) медициналык буюмдарды, оптиканы сатуу дүкөнүнүн пунктунун аянты - 20 кв.м кем эмес. Медициналык буюмдарды сатуу дүкөнүнүн, оптика дүкөнүнүн пункту медициналык буюмдар дүкөнүнүн түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана өз алдынча иштей албайт.";
- жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) бул токтом күчүнө киргенге чейин берилген жана мөөнөтсүз статусуна ээ болгон лицензиялар өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат жана алар берилген учурга карата белгиленген шарттарда колдонулат;
2) аталган лицензиялар, Кыргыз Республикасынын лицензиялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары, ушул токтомдун күчүнө киришине жана аларга карата жаңы талаптар колдонулгандыгына байланыштуу кайра таризделүүгө жатпайт.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
1-глава. Лицензиялоого тийиш болгон жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык иштин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеги
1. Акушерлик жана гинекология:
- көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдаланууну жана кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотууну кошпогондо;
- кош бойлуулукту жасалма жол менен токтотуу менен;
- көмөкчү репродуктивдик технологияларды кошкондо
2. Анестезиология жана реаниматология
3. Аллергология жана иммунология
4. Дерматовенерология
5. Дерматокосметология
6. Жугуштуу оорулар (өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулардан тышкары)
7. Проктология
8. Наркология
9. Неврология
10. Нейрохирургия
11. Оториноларингология
12. Офтальмология
13. Педиатрия
14. Психотерапия (невротикалык бузулуулар)
15. Стоматология:
- жалпы практикадагы;
- хирургия профилиндеги;
- жана жаак-бет хирургиясы;
- терапия профилиндеги;
- ортопедия профилиндеги;
- балдар;
- ортодонтия профилиндеги;
- жана тиш техникалык лаборатория
16. Терапия
17. Гастроэнтерология
18. Физиотерапия
19. Гемодиализ кызматтарын көрсөтүү менен (көрсөтүүсүз) нефрология
20. Кардиология
21. Дарылоо плазмаферез кызматтарын көрсөтүү менен (көрсөтүүсүз) гематология
22. Ревматология
23. Эндокринология
24. Травматология, ортопедия
25. Урология
26. Хирургия
27. Жүрөк-кан тамыр хирургиясы рентгенэндоваскулярдык хирургия менен (же ансыз)
28. Ангиохирургия
29. Пластикалык хирургия
30. Онкология
31. Пульмонология
32. Шашылыш медициналык тез жардам
33. Жалпы врачтык практика, үй-бүлөлүк медицина
34. Паллиативдик жардам көрсөтүү
35. Медициналык реабилитация жана абилитация
36. Сакайтуучу дене тарбия жана спорттук медицина
37. Салттуу эмес медициналык иш:
- мануалдык терапия;
- рефлекстик терапия
38. Иммунопрофилактика (профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү)
39. Диагностика:
1) биоматериалдарды алуу пункту иштеген (иштебеген) лабораториялык диагностикалоо:
- клиникалык жана/же биохимиялык;
- цитологиялык;
- гистологиялык;
- иммуногистохимиялык;
- серологиялык;
- паразитологиялык;
2) биоматериалдарды алуу пункту иштеген (иштебеген) I топтогу патогендүү микроорганизмдерди лабораториялык диагностикалоо:
- бактериологиялык;
- вирусологиялык;
- молекулалык-генетикалык;
- иммунологиялык;
3) биоматериалдарды алуу пункту иштеген (иштебеген) III топтогу патогендүү микроорганизмдерди лабораториялык диагностикалоо:
- бактериологиялык;
- вирусологиялык;
- молекулалык-генетикалык;
- иммунологиялык;
4) нур менен диагностикалоо:
- компьютердик томография;
- магниттик-резонанстык томография;
- рентгенологиялык;
5) ультрадобуш диагностикасы;
6) функциялык диагностика;
7) эндоскопиялык диагностика.
2-глава. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында медициналык иштин тыюу салынган түрлөрүнүн тизмеги
1. Фтизиатрия, диагностикадан тышкары
2. Психиатрия (органикалык өзгөрүүлөр, психотикалык бузулуулар);
3. Өзгөчө коркунучтуу жугуштуу оорулар.
3-глава. Жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарын лицензиялоонун стандарттары
Бул Стандарттар жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын жана жеке ишкерлердин (жеке менчик формасында негизделген саламаттык сактоо уюмдарында же болбосо жеке ишкерлерде жалдоо же эмгек келишими боюнча иштеген медициналык кызматкерлердин ишин кошпогондо) кесиптик ишине, түзүмүнө жана ресурстарына (кадрдык камсыздоого жана материалдык жабдууга) лицензиялык талаптардын (минималдуу) комплекстүү топтому болуп саналат. Медициналык ишти жүзөгө ашыруу үчүн лицензиялык талаптар/шарттар болуп арыз ээлеринин төмөнкү стандарттарга ылайык келиши эсептелет:
1-стандарт. Медициналык персоналдын керектүү билими, квалификациясы жана иш тажрыйбасы бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык персоналдын лицензиялоонун билдирилген тармагына ылайык медициналык билими (жогорку/орто) жана дипломдон кийинки даярдыгы (интернатура, клиникалык ординатура) бар; медициналык персонал, анын ичинде адистештирилген жабдууларда иштеген персонал белгиленген талаптарга ылайык дипломдон кийинки өркүндөтүү циклдеринен өткөн;
2) медициналык персонал билдирилген тармакта практикалык ишти жүргүзүү үчүн зарыл квалификацияга жана көндүмдөргө ээ экендигин тастыктаган аттестациялоо жол-жобосунан өткөн;
3) чет өлкөлүк адис билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда нострификациялоодон (эквиваленттүүлүгүн аныктоо) өткөн, чет өлкөлөрдө алган медициналык билими жөнүндө документке, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген билим деңгээлин жана мазмунун ырастаган маалымкатка жана кесиптик аттестациядан өткөндүгү жөнүндө аттестациялык сертификатка ээ.
2-стандарт. Медициналык борборлорду/кабинеттерди жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет.
Стандарттын талаптары:
1) жеке медициналык борборлорду/кабинеттерди жайгаштыруу санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп берет, жер участогу кургак, таза, атмосфералык абаны булгоо булактарынан алыс турат. Аймак тосулган, көрктөндүрүлгөн, жашылдандырылган, жарыктандырылган. Аймак аркылуу шаардык (айылдык) багыттагы магистралдык инженердик коммуникациялар (суу менен камсыздоо, канализация, жылуулук менен камсыздоо, электр менен камсыздоо) өтпөйт;
2) медициналык борбор/кабинет өзүнчө турган имаратта жайгашкан. Тиешелүү пландуу изоляциясы жана желдетүүнүн автономдуу системалары болгондо медициналык борборду/кабинетти башка уюмдар менен бир турак эмес имаратка жайгаштырууга жол берилет;
3) тиешелүү пландуу изоляциясы жана желдетүүнүн автономдуу системалары болгондо медициналык борборду/кабинетти турак жай имаратында биринчи кабаттан жогору эмес жайгаштырууга жол берилет;
4) турак үйлөргө нур менен диагностикалоо борборлорун/кабинеттерин жайгаштырууга жол берилбейт.
3-стандарт. Имараттар, курулмалар жана жайлар гигиеналык талаптарга жооп берет.
Стандарттын талаптары:
1) жайлардын түзүмү, планировкасы жана жабдуулары технологиялык процесстердин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылат жана эпидемиологиялык коркунучтун ар кандай даражадагы агымдарынын кайчылаш өтүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат;
2) асептикалык режимдеги жайлар/кабинеттер (операциялык блок, таңуу бөлмөсү, төрөт залдары, процедуралык, манипуляциялык, стерилизациялык ж.б.), бөлүмдүн бейтаптары үчүн палаталар өтмө болуп саналбайт;
3) функционалдык жайлардын/кабинеттердин, бейтаптар үчүн палаталардын аянты жана бир бейтап үчүн бир керебеттин аянты жогоруда көрсөтүлгөн документтин тиркемелеринде аныкталган аянтка туура келет.
4-стандарт. Жайлардын керектүү топтому бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык борбордо/кабинетте медициналык иштин билдирилген тармагын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон минималдуу сандагы дарылоо-диагностикалык жана көмөкчү кабинеттер/жайлар бар;
2) оорулуулар жана персонал үчүн дааратканалар бар.
5-стандарт. Медициналык багыттагы буюмдардын керектүү топтому бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык иштин билдирилген тармагын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон сандагы медициналык багыттагы буюмдар (медициналык техника жана жабдуулар, инструменттер, материалдар, параклиникалык багыттагы жабдуулар) бар (стандарттарга тиркеме);
2) өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүлдү.
6-стандарт. Жайлардын ички жасалгасы белгиленген талаптарга жооп берет.
Стандарттын талаптары:
1) жайлардагы дубалдардын, полдордун жана шыптардын беттери жылмакай, нымдуу тазалоо үчүн оңой жеткиликтүү жана колдонууга уруксат берилген жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонууда туруктуу;
2) нымдуу иштөө режими бар жана учурдагы нымдуу дезинфекциялануучу (операциялык, операцияга чейинки, таңуучу, төрөт, процедуралык, ванна, душ, санитардык түйүндөр ж.б.) жайлардын дубалдары айнектелген плиткалар же жайлардын бийиктигине чейин нымга чыдамдуу башка материалдар менен капталган;
3) нымдуу иштөө режими бар жайлардагы шыптар суу өткөрбөй турган боёктор менен боёлгон же башка суу өткөрбөй турган материал менен капталган. Үстүнкү бетинин жылмакайлыгын жана аларды нымдуу тазалоо жана дезинфекциялоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу асма, керме, көктөмө жана башка шыптын түрлөрүн колдонууга жол берилет;
4) бардык жайлардагы полдордун каптамы кемчиликсиз, жылмакай, түбүнө тыгыз бекемделген жана жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттардын таасирине туруктуу. Раковиналар жана башка санитардык приборлор, ошондой эле дубалдарды жана тосмолорду мүмкүн болгон нымдаштыруу менен байланыштуу эксплуатациялануучу жабдуу орнотулган жерлердин дубалдары полдон 1,6 м бийикте жана туурасы жабдуудан жана прибордон ар бир тарабына 20 см ашык айнектелген плиткалар же нымга чыдамдуу башка материалдар менен капталган.
7-стандарт. Муздак суу менен жабдуу системасы бар.
Стандарттын талабы.
Саламаттык сактоо уюмунда суу менен жабдуунун өздүк булагы жана муздак суу берүүнүн жергиликтүү системасы болгон учурда бул булакка санитардык-эпидемиологиялык корутунду бар.
8-стандарт. Ысык суу менен жабдуу системасы бар.
Стандарттын талабы.
Персонал үчүн кабинеттерде, дааратканаларда, процедуралык, таңуучу, операция бөлмөлөрүндө, манипуляциялык бөлмөлөрдө СанЭжЧ талаптарына ылайык ысык суу берүү бар. Борборлоштурулган ысык суу менен жабдуу жок болгон учурда суу жылытуучу түзүлүштөр орнотулат.
9-стандарт. Канализация системасы бар.
Стандарттын талабы.
Саркынды сууларды тазалоо жана зыянсыздандыруу жүргүзүлүүчү борборлоштурулган (жалпы шаардык, жалпы поселоктук ж.б.) тазалоочу курулмалар жок болсо, саркынды суулар локалдуу курулмаларда толук биологиялык тазалоодон жана зыянсыздандыруудан өтөт. Гипс даярдоо үчүн жайларда гипс тундурмасын орнотуу каралган. Баткак процедуралары үчүн жайлардан, баткак даярдоочу бөлмөдөн жана баткак менен дарылоонун башка жайларынан чыккан агынды суулар атайын тепкичтер аркылуу баткак чогулткучка куюлат.
10-стандарт. Желдетүү системасы бар.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык борборлордун/кабинеттердин жайлары механикалык түрдөгү кирүүчү-соруучу желдетүү (зарыл болгон жерде) жана табигый желдетүү (форточкалардын аба өткөргүчү, оодарылуучу фрамугалар) системалары менен жабдылган;
2) турак жай имараттарында жайгашкан медициналык борборлордун/кабинеттердин жайларынын желдетүү системасы турак үйдүн желдетүүсүнөн өзүнчө;
3) желдетүү системаларын долбоорлоо жана эксплуатациялоо аба массасынын "кир" жайлардан "таза" жайларга өтүүсүн жокко чыгарат.
11-стандарт. Иштеп жаткан жылуулук системасы бар. Стандарттын талаптары:
1) жылытуу системасынын жылытуучу приборлору (батареялар) бети жылмакай, жуучу жана дезинфекциялоочу эритмелердин таасирине туруктуу жана сырткы дубалдардын жанында, терезелердин астында, тосмосу жок жайгаштырылат;
2) жылытуу системасы кыш мезгилинде төрөт палаталарында, операция бөлмөсүндө, эне менен бала бирге болуу палаталарында оптималдуу температураны сактоого мүмкүндүк берет;
3) төрөт палаталарында, интенсивдүү терапия палаталарында, операция бөлмөсүндө, эне менен бала бирге болуу палаталарында, эмдөө кабинеттеринде температураны контролдоо үчүн бөлмө (дубалга орнотулган) термометрлер бар;
4) төрөт палаталарында, интенсивдүү терапия палаталарында, операция бөлмөсүндө, эне менен бала бирге болуу палаталарында, эмдөө кабинеттеринде жайларды жылытуунун кошумча булактары (электр май жылыткычтары) бар. Төрөт палаталарында жана операция бөлмөсүндө Цельсий боюнча 25-29 градус температура сакталат.
12-стандарт. Үзгүлтүксүз электр менен жабдуу системасы бар.
Стандарттын талабы:
Медициналык борбор/кабинет, зарыл болгон учурда үзгүлтүксүз электр менен жабдуу системасы менен (электр энергиясын борборлоштурулган берүү өчүп калганда электр менен жабдуу - электр энергиясынын автономдуу генератору менен камсыздалат) камсыздалган.
13-стандарт. Иштеп жаткан жарык берүү системасы бар. Стандарттын талаптары:
1) медициналык борбордун/кабинеттин жайларында табигый жарык (терезелер, кошумча жарыктар) бар;
2) эксплуатациялоо эрежелери табигый жарыктандырууну талап кылбаган жайларды (кампалар, санитардык жайлар, жуунуучу бөлмөлөр жана душтар, жеке гигиена бөлмөлөрү, персонал үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, операцияга чейинки жана операция бөлмөлөрү, диагностикалык аппаратуралар бар жайлар, фотолабораториялар ж.б.) экинчи жарык (электр лампалары) менен жарыктандыруу же жасалма гана жарыктандыруу;
3) жайларды жалпы жарыктандыруу үчүн шыптарда орнотулуучу жарыкты текши (жабык) таратуучу шам чырактар.
14-стандарт. Өрттүн келип чыгуу тобокелдиги бааланган жана башкарылат.
Стандарттын талабы.
Өрт коопсуздугу боюнча нускама, өрт чыккан учурда персоналды жана пациенттерди эвакуациялоо схемасы жана персонал үчүн жеткиликтүү болгон өрт өчүрүү каражаттары (өрт крандары, өрт шлангдары, өрт өчүргүчтөр) бар.
15-стандарт. Стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн жайлар жана техникалык жабдуулар бар.
Стандарттын талаптары:
1) стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштер борборлоштурулган стерилизациялоо бөлүмдөрүндө/стерилизациялоо кабинеттеринде жүргүзүлөт. Стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштерди кир жана стерилдүү материалдын кыймылынын агымынын эрежелери сакталган жумушчу кабинеттерде жүргүзүүгө жол берилет;
2) стерилизациялоого чейинки тазалоо жана стерилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн шарттар жок болгон учурда мындай кызматтарды көрсөтүүгө башка уюмдар менен келишим бар;
3) борборлоштурулган стерилизациялоо бөлүмү/стерилизациялоо кабинети автоклав/аба стерилизатору (кургак ысытуучу шкаф), медициналык буюмдарды жуу үчүн идиштер, жуугуч эритмени даярдоо үчүн компоненттер, бикстер (стерилизациялоочу кутулар), эмеректердин керектүү топтому менен жабдылган;
4) стерилизациялоого чейинки тазалоонун сапатын контролдоо үчүн даяр эритмелер (амидопирин, фенолфталеин жана азопирам сынамыктарын коюу), ошондой эле стерилизациялоого чейинки тазалоонун сапатын контролдоо журналы бар;
5) стерилизациялоонун сапатын контролдоо үчүн температураны өлчөөчү (термометр, максималдык термометр), басымды өлчөөчү (моновакуумметрлер) каражаттар, химиялык тесттер, термохимиялык индикаторлор жана биотесттер бар. Ар бир жүктөө үчүн убакытты, температураны жана басымды көрсөткөн стерилизациялоону контролдоо журналы бар.
16-стандарт. Бөлүмдөрдө дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн шарттар жана керектүү техникалык жабдуулар бар.
Стандарттын талабы.
Медициналык борбордо/кабинетте дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн борборлоштурулган аккан суусу (раковинасы менен кран) бар көмөкчү жай (ири медициналык борборлордо) же атайын бөлүнгөн жер (чакан медициналык борборлор/кабинеттер) бар, инфекциялык контроль боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келген дезинфекциялоочу каражаттары менен пластик идиштер бар. Шейшептерди дезинфекциялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн шарттар жок болгон учурда, мындай кызматтарды көрсөтүүгө башка уюмдар менен келишим бар.
17-стандарт. Калдыктарды чогултуу, убактылуу сактоо жана жок кылуу үчүн шарттар бар.
Стандарттын талаптары:
1) тешүүчү-кесүүчү предметтерди чогултуу үчүн атайын идиштер, медициналык жана био калдыктарды чогултуу үчүн жылчыксыз желим баштыктары бар идиштер, кадимки (контаминацияланбаган) таштандыларды чогултуу үчүн жабык идиштер бар;
2) медициналык борбордун/кабинеттин аймагында катуу каптама төшөлгөн жана көчө тараптан келүүгө ыңгайлуу болгон, калдыктарды убактылуу сактоо үчүн контейнер(лер) бар аянтча жабдылган;
3) медициналык борборду/кабинетти турак үйдө жайгаштырууда калдыктарды убактылуу сактоо үчүн кулпу менен бекилүүчү жылчыксыз контейнер жабдылган;
4) медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу үчүн шарттар бар. Медициналык калдыктарды зыянсыздандыруу жана жок кылууга шарттар жок болгон учурда, мындай кызматтарды көрсөтүүгө башка уюмдар менен келишими бар;
5) кадимки (контаминацияланбаган) таштандыларды чыгарууга келишим бар.
18-стандарт. Бардык кызматкерлер профилактикалык медициналык кароодон өттү.
Стандарттын талабы.
Персонал жыл сайын ченемдик укуктук талаптарга ылайык медициналык кароодон өтөт. Медициналык кароонун натыйжалары санитардык китепчелерге жазылат. Жумушка уруксат берүү жөнүндө белги бар.
19-стандарт. Медициналык техника жана жогорку кооптуулуктагы булактар менен иштөөдө тобокелдиктер бааланган жана башкарылат.
Стандарттын талаптары:
1) медициналык техника (медициналык аппараттар, приборлор, диагностикалык жабдуулар) менен иштеген персонал окуудан өткөн. Окуудан өткөндүгүн тастыктаган документтер (күбөлүктөр, сертификаттар ж.б.) бар;
2) бардык электр жабдуулары жерлештирилген;
3) колдонулуучу аппараттарга жана приборлорго коопсуздук техникасы боюнча бекитилген нускамалар бар;
4) персонал үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй коргоочу каражаттары бар: дезинфекциялоочу каражаттар менен иштөөдө халаттар, бир жолу колдонулуучу маскалар жана кол каптар, резина кол каптар, коргоочу көз айнек, алжапкыч, РУ-60 респиратору (же
8 катмарлуу марли маска);
5) персоналдын колдорун тазалоо үчүн суусуз (спирттүү) антисептик менен дозаторлор бар.
20-стандарт. Дары-дармек препараттарын, диагностикалык реагенттерди, вакциналарын сактоо үчүн шарттар бар.
Стандарттын талаптары:
1) дары-дармек препараттары кургак жайларда (зарыл болгон учурда - караңгы жерде), маркаланган жабык сейфтерде, шкафтарда жана текчелерде сакталат;
2) термолабилдүү дары-дармек препараттарын, вакциналарды, реактивдерди сактоо үчүн атайын муздаткычтар бар. Муздаткычтарда температура режими сакталат.
21-стандарт. Керектүү аптечкалар бар.
Стандарттын талабы:
Шоктон чыгаруу аптечкасы бар. Шашылыш медициналык жардам көрсөтүү үчүн аптечка бар.
Эскертүү: базарлардын жана соода борборлорунун аймагында медициналык клиникаларды жана кабинеттерди ачууга тыюу салынат!
4-глава. Кызмат көрсөтүүнүн ар бир түрү үчүн таблицалык формада жеке медициналык иш жүргүзүү үчүн зарыл болгон объекттерге лицензиялык талаптар
№ | Кабинеттердин жабдылышы |
1 | Процедуралык кабинет: |
| - кушетка; |
| - процедуралык чакан стол; |
| - дары-дармек үчүн шкаф; |
| - кварц лампасы; |
| - муздаткыч; |
| - шоктон чыгаруу аптечкасы; |
| - стерилизаторлор, бикстер; |
| - кыскычтар, шприцтер, пинцеттер, кайчылар, шпателдер, кол каптар; |
| - лотоктор; |
| - таңуучу материал; |
| - кан токтотуучу жгут; |
| - ооз кеңейткич, тил кармагыч |
2 | Травматологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф, кушетка; |
| - гипстөө үчүн стол; |
| - тонометр, фонендоскоп, кварц лампасы; |
| - кол каптар, лотоктор, шпателдер, бикстер; |
| - амбулаториялык операциялар үчүн хирургиялык инструменттер топтому; |
| - иммобилизация үчүн шиналар; |
| - гипсти чечүү үчүн кайчылар; |
| - стерилденген инструменттер үчүн стол |
3 | Оториноларингологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф; |
| - манипуляциялык стол; |
| - көлөкө түшүрбөгөн лампа, чырак; |
| - ларингоскоп; |
| - отоларингологиялык күзгүлөр топтому; |
| - мурунга тампон коюу үчүн инструменттер топтому; |
| - аудиометр, камертон, отоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы; |
| - ЛОР эндоскоп; |
| - чекеге тагып алма жарык бергич, чекеге тагып алма рефлектор; |
| - оториноларингологиялык инструменттер топтому (мурун күзгүсү, мурун-колко күзгүсү, кекиртек күзгүсү, мурун сөөктөрүн ордуна келтирүү үчүн элеватор, гаймор кобулунун пункциялары үчүн Куликов ийнеси, кулак воронкасы, катетер, скальпель, лотоктор); |
| - кушетка |
4 | Офтальмологдун кабинети: |
| - жылчыктуу лампа; |
| - офтальмоскоп; |
| - көздүн курчтугун аныктоо үчүн щит; |
| - түстү сезүүсүн текшерүү үчүн полихромдук таблицалар; |
| - көз айнек линзаларынын топтому; |
| - көз ичиндеги басымды ченөө үчүн топтом, кварц лампасы |
5 | Урологдун кабинети: |
| - урологиялык кресло; |
| - цистоскоп; |
| - урологиялык инструменттер топтому; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы |
6 | Дерматовенерологдун кабинети: |
| - гинекологиялык жана урологиялык креслолор; |
| - кушетка жана тоскуч; |
| - гинекологиялык инструменттер топтому; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы; |
| - лабораториялык анализдер үчүн стол |
7 | Стоматологдун кабинети: |
| - стоматологиялык кресло; |
| - бормашина; |
| - тишке пломба коюу үчүн инструменттер топтому; |
| - тиш суургуч инструменттер топтому; |
| - кургатып ысытуучу шкаф же В классындагы автоклав; |
| - стерилденген инструменттер үчүн стол; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы; |
| - стерилденген инструменттерди жана МББ сактоо үчүн бактерициддик шкаф |
8 | Невропатологдун кабинети: |
| - кушетка, тоскуч; |
| - неврологиялык балка; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы |
9 | Онкологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф, кушетка, тоскуч; |
| - градусниктер, шпателдер; |
| - конхотом; |
| - диатермокоагулятор; |
| - бикстер, лотоктор, кол каптар, кварц лампасы |
10 | Эндокринологдун кабинети: |
| - медициналык шкаф; |
| - тараза жана бой ченегич; |
| - глюкокометр; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы; |
| - кушетка; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - сантиметр лентасы; |
| - тест тилкелери, сезгичтикти аныктоо үчүн топтом |
11 | Кардиолог-ревматологдун кабинети: |
| - кушетка, тоскуч; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер; |
| - ЭКГ-аппараты |
12 | Гематологдун, пульмонологдун кабинети: |
| - кушетка, тоскуч; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы |
13 | Рентгенологдун кабинети: |
| - рентген аппараты; |
| - чөнтөк дозиметрлери, жеке коргонуу үчүн коргошун каптоочтор, коргошун алжапкычтар, юбкалар жана кол каптар, кароочу терезедеги коргошундалган Эсу айнеги; |
| - муздаткыч; |
| - реактивдер, бак комплекти, кургатуучу шкаф; |
| - желдетүү вентиляциясы; |
| - негатоскоп, медициналык шкаф, кушетка, тоскуч |
14 | Функционалдык диагностика кабинети: |
| - медициналык шкаф, кушетка, тоскуч, кварц лампасы; |
| - функционалдык диагностикалоо аппараты (УДИ, ЭКГ, ФКГ, ФВД, ЭЭГ, велоэргометр ж.б.) |
15 | Эндоскопия кабинети: |
| - медициналык шкаф, кушетка, тоскуч; |
| - фиброгастроскоп, бронхоэзофагоскоп, ректомоноскоп ж.б.; |
| - кварц лампасы |
16 | УДИ кабинети: |
| - УДИ аппараты; |
| - медициналык шкаф; |
| - кушетка, тоскуч; |
| - кондиционер, кварц лампасы |
17 | Иммунологдун, инфекционисттин кабинети: |
| - кушетка, тоскуч; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы |
18 | Физиотерапия кабинети: |
| - физиотерапия жүргүзүү үчүн аппаратура; |
| - атайын сааттар; |
| - кушетка, тоскуч, кварц лампасы; |
| - отургучтар |
19 | Массаж кабинети: |
| - кушетка, тоскуч, кийим илгич; |
| - медициналык шкаф, кварц лампасы; |
| - самыны жана сүлгүсү менен жуунгуч |
20 | Ийне рефлексотерапия кабинети: |
| - медициналык шкаф; |
| - кушетка, тоскуч, кийим илгич; |
| - стерилизаторлор, кварц лампасы; |
| - ийне рефлексотерапиясы үчүн ийнелер топтому |
21 | Дарылоочу дене тарбия кабинети: |
| - швед стенкасы; |
| - велоэргометр; |
| - гантелдер, эспандерлер; |
| - гимнастикалык таяктар, топтор, обручтар, скакалкалар; |
| - ден соолук дисктери; |
| - килем, чаң соргуч; |
| - кондиционер |
22 | Акушер-гинекологдун кабинети: |
| - кушетка, парда; |
| - гинекологиялык кресло; |
| - тонометр, фонендоскоп, стетоскоп; |
| - медициналык клеёнка, медициналык алжапкыч; |
| - кыскычтар, шпателдер, пинцеттер, корнцанг; |
| - идиштер, лотоктор, кол каптар; |
| - стерилизатор, кварц лампасы; |
| - тазомер, сантиметр лентасы |
23 | Терапевттин кабинети: |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - медициналык шкаф, картотека; |
| - ЭКГ аппараты; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы; |
| - кушетка; |
| - бой ченегич, таразалар |
24 | Педиатрдын кабинети: |
| - медициналык шкаф, картотека; |
| - кушетка; |
| - тонометр, фонендоскоп; |
| - градусниктер, шпателдер, кварц лампасы; |
| - баланы ороо үчүн стол; |
| - бой ченегич, жерге коймо жана чөйчөк сымал таразалар; |
| - неврологиялык балка жана отоскоп |
25 | Манипуляциялык кабинет (абортарий): |
| - медициналык шкаф; |
| - операциялык лампа; |
| - манипуляциялык стол; |
| - гинекологиялык кресло; |
| - аборт кылуу үчүн инструменттер топтому; |
| - вакуум-соргуч; |
| - кушетка, тоскуч; |
| - стерилизаторлор, бикстер; |
| - медициналык алжапкыч, кол каптар; |
| - идиштер, лотоктор, кварц лампасы |
26 | Лаборатория (клиникалык): |
| - реактивдерди сактоо үчүн шкаф; |
| - микроскоп, предметтик айнек; |
| - 3000 айланма центрифуга; |
| - Сали боюнча гемометр; |
| - глюкометр; |
| - эсептөө машинкасы; |
| - реактивдер; шприцтер; |
| - 5, 10 жана 20 мл пробиркалар, штативдер (10 жана 20 уячалуу); |
| - соруп чыгаруучу шкаф, кварц лампасы |
27 | Хирургиялык профилдеги бөлүмдөр үчүн жайлар топтому |
| - ординаторлор бөлмөсү; |
| - медайымдар үчүн кабинет; |
| - кароо кабинети; |
| - таза жараат таңуучу жай; |
| - кир жараат таңуучу жай; |
| - процедура кабинети; |
| - операция бөлмөсү; |
| - интенсивдүү терапия палаталары; |
| - палаталар; |
| - санитардык түйүн, ванна |
28 | Операция бөлмөсүн жабдуу (жалпыга бирдей) |
| - операциялык стол; |
| - хирургиялык инструменттер топтому (чакан, чоң); |
| - анестезиологдун столу; |
| - инструменттер столу; |
| - манипуляциялык стол; |
| - наркоз аппараты; |
| - ӨЖЖ аппараты; |
| - каталка, кресло-каталка, замбилдер; |
| - муздаткычтар; |
| - бактерициддик лампалар, центрифугалар; |
| - кургатып ысытуучу шкаф, зарылдыгына жараша автоклав; |
| - электросоргуч, коагулятор; |
| - негатоскоп; |
| - бикстер; |
| - көлөкө түшүрбөгөн лампалар; |
| - рефлектордук чырактар; |
| - инструменттерди дезинфекциялоо үчүн идиштер |
28.1 | ЛОР боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - бөтөн нерселерди алып салуу үчүн электромагнит; |
| - шишиктерди алып салуу жана биопсиялар үчүн кардиес кычкачтар; |
| - коагулятор; |
| - микроскоп-линза; |
| - ларингоскоп; |
| - оториноларингологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому |
28.2 | Офтальмология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - офтальмологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - операциялык микроскоп; |
| - бөтөн нерселерди алып салуу үчүн электромагнит; |
| - орбитотомия үчүн комплект |
28.3 | Урология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - урологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - цистоскоп |
28.4 | Травматология боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - Елизаров аппараттары; |
| - травматологиялык операциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - иммобилизациялык шиналар, каталка, кресло-каталка жана балдактар |
28.5 | Реанимация жана интенсивдүү терапия палатасы бар кардиохирургия боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - кардиохирургиялык операция үчүн инструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - ар бир керебетке кычкылтек, аба жана вакуумдун борборлоштурулган чыгуусу (мисалы, борбордук бөлүштүргүч); |
| - медициналык жабдууларды, медициналык газдарды, электр розеткаларын жайгаштыруу үчүн консоль (мисалы, медициналык газдарды чыгаруу үчүн консоль); |
| - синхрондошуу функциясы менен бифаздык дефибриллятор; |
| - 12 каналдуу электрокардиограф; |
| - жүрөктүн миокардиалдык, трансвеноздук эндокардиалдык жана тышкы (тери аркылуу) электрдик стимуляциясы үчүн электрокардиостимулятор; |
| - жылуулук алмаштыргычы бар жасалма кан айлантуучу аппарат; |
| - хирургиялык электр соргуч; |
| - нымдоо жана жылытуу системасы менен жеке кычкылтек чачкычтар; |
| - электрокардиограмманын 5 бөлүгүн, жүрөк согуунун жыштыгын, дем алуу жыштыгын каттоочу, артериялык басымды, өпкө артериясынын басымын, борбордук кан тамыр басымын, жүрөктүн кан бүркүүсүн инвазиялык ченөөчү, артериялык басымды, гемоглобиндин кычкылтек менен каныккандыгын, контролго алынган параметр белгиленген чектен ашкан учурда коркунуч сигналын автоматтык түрдө иштетүү менен дене температурасын инвазивдүү эмес өлчөөчү керебеттин жанындагы кардиомонитор; |
| - программалык жасалма желдетүү жана тышкы дем алуу функциясына мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү бар, орнотулган газ анализатору менен өпкөнү жасалма желдетүү үчүн наркоздук аппарат; |
| - ташуу үчүн портативдүү дем алуу аппараты (мисалы, ӨЖЖ АДР-1200 дем алуу аппараты); |
| - трахеалдык интубация топтому; |
| - инфузомат; |
| - аорта ичиндеги баллондук контрпульсацияны жүргүзүү үчүн аппарат; |
| - оюлууну алдын алуу жана дарылоо үчүн арналган оюлууга каршы системалар; |
| - шашылыш рестернотомия үчүн хирургиялык стерилдүү төшөмө (мисалы, медициналык төшөмө баштыктар); |
| - кан тамыр ичиндеги кандын уюшун өлчөө үчүн аппарат; |
| - кандын кислота-жегич абалын аныктоочу аппарат; |
| - эндоваскулярдык кардиохирургияда - ангиограф; |
| - жаңы төрөлгөн балдар үчүн кювез; |
| - жаңы төрөлгөн балдар реанимация столу; |
| - көп функциялуу балдардын реанимациялык керебеттери; |
| - эжекциялык соргуч |
28.6 | Нейрохирургия боюнча операция бөлмөсү үчүн кошумча жабдуулар: |
| - нейрохирургиялык операциялар үчүн иструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - омурткага операция жасоо үчүн иструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - С-догонун болушу; |
| - Р-терс операциялык столдун болушу; |
| - нейроонкологиялык иструменттер топтому (жалпы инструменттер); |
| - нейрохирургиялык микроскоптун болушу |
28.7 | Интервенциялык нейрохирургия үчүн кошумча жабдуулар: |
| - ангиограф |
29 | Акушер-гинекологиялык профилдеги бөлүмдөр үчүн жайлар топтому: |
| - чыпкалоо бөлмөсү; |
| - кароо бөлмөсү; |
| - ординатор бөлмөсү; |
| - акушерлер кабинети; |
| - санитардык өткөрмө; |
| - төрөткө чейинки палата; |
| - төрөт залы; |
| - интенсивдүү терапия палатасы; |
| - манипуляциялык бөлмө; |
| - жаңы төрөлгөн балдар үчүн интенсивдүү палата; |
| - төрөттөн кийинки палаталар; |
| - процедура бөлмөсү |
29.1 | Жабдуу: |
| - процедуралык столдор; |
| - гинекологиялык кресло; |
| - тараза, бой ченегич; |
| - функционалдык керебеттер; |
| - балдар таразалары жана ванналар; |
| - градусниктер; |
| - наркоз аппараты; |
| - жаңы төрөлгөн балдар үчүн ӨЖЖ аппараты; |
| - коагулятор; |
| - электросоргуч; |
| - кювездер, чакан керебеттер, жылыткычы менен баланы орой турган стол; |
| - тамчылаткычтар үчүн штативдер же инфузоматтар; |
| - бактерициддик лампалар; |
| - манипуляциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - төрөт жана жаңы төрөлгөн балдар үчүн комплекти менен бикстер; |
| - тонометр жана фонендоскоп; |
| - стетоскоп, жамбаш чарасын өлчөгүч жана сантиметрлик тасма; |
| - жаңы төрөлгөн балдар реанимациясы үчүн комплект; |
| - кайчы, кол кап, тамчылаткычтар, штативдер, подставкалар, чакалар, чаралар ж.б.; |
| - вакуум экстрактор; |
| - гинекологиялык кароо жана манипуляциялар үчүн инструменттер топтому; |
| - каталкалар, кресло-каталкалар, замбилдер; |
| - мобилдик лампа (кароо); |
| - манипуляциялык кресло (шашылыш ыкчам кийлигишүү үчүн төрөт бөлмөлөрүнүн биринде функциялык керебет жок болсо - вакуум экстракция, чаттын жана жатын моюнунун айрылуусун тигүү, кол менен текшерүү); |
| - преэклампсия, кан агуу, анафилактикалык шок болгон учурда кечиктирилгис жардам үчүн протоколго жана жардам көрсөтүү алгоритмдерине ылайык топтомдор; |
| - кардиотокограф; |
| - төрөт үчүн функционалдык керебет; |
| - шприцтик дозатору; |
| - төрөөчү аял жана жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн жеке пакет (же альтернатива); |
| - стерилдүү акушердик инструменттер топтому; |
| - киндик тазалоо үчүн стерилдүү топтом (кыскычтар) |
29.2 | Жаңы төрөлгөндөр үчүн реанимациялык топтом: |
| - өзү жазылуучу реанимациялык дем алуу баштыкчасы (V 250 - 500 см3); |
| - убагында төрөлгөн жана салмагы аз жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ӨЖЖ жүргүзүү үчүн жумшак обтуратору бар маскалар (№ 00, 0 жана 1); |
| - меконий аспиратору; |
| - De Lee стерилдүү коннектору же үчтүк; |
| - электрдик соргуч; |
| - түз клиноктор топтому менен ларингоскоп (№ 00, 0 жана 1), батарейкалар жана лампалар топтому; |
| - ар кандай өлчөмдөгү стерилдүү эндотрахеалык түтүктөр (2,0; 2,5; 3,0; 3,5; 4,0); |
| - сордуруу үчүн стерилдүү катетерлер/зонддор (5, 6, 8 жана 10 Fr); |
| - түтүктү фиксациялоо үчүн лейкопластырь; |
| - курч гипокоагуляцияны дарылоо үчүн протромбин комплекси; |
| - фотолампа |
| - Жаңы төрөлгөн ымыркай үчүн орун: |
| - жылытуусу бар стол же кошумча жылуулук булагы бар реанимация столу; |
| - жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн электрондук тараза; |
| - жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн электрдик же вакуумдук соргуч; |
| - жеке тонометр |
29.3 | ЭКУ жүргүзүү үчүн жабдуулар |
| КРТ үчүн процедуралык кабинет: |
| - стерилдүү материалды сактоо үчүн контейнер; |
| - антишок топтому, анти-AИВ топтому; |
| - артериялык басымды өлчөгүч; |
| - стетофонендоскоп; |
| - акушердик/гинекологиялык инструменттер жана манипуляциялар үчүн керектелүүчү материалдар; |
| - стерилдүү эритмелер жана медикаменттер үчүн медициналык шкаф; |
| - манипуляциялык стол; |
| - вена ичине тамчылатып куюу үчүн штатив; |
| - кан куюу үчүн комплект; |
| - кан үчүн лабораториялык, базалык, фармацевтикалык муздаткычтар; |
| - медициналык кушетка; |
| - тосмо; |
| - процедуралык стол; |
| - шашылыш тез жардам медикаменттери үчүн шкаф; |
| - бактерициддик нурландыргыч/аба тазалагыч/абаны зыянсыздандыруу жана (же) чыпкалоо жана (же) үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн түзмөк; |
| - материалдарды жана инструменттерди стерилизациялоо жана дезинфекциялоо үчүн контейнер |
| Репродуктолог врачтын (акушер-гинекологдун) кабинети: |
| - гинекологиялык кресло; |
| - гинекологиялык инструменттердин топтому; |
| - вагиналдык жана абдоминалдык датчиктери бар ультрадобуш аппараты; |
| - сүртүндүлөрү бар айнектерди сактоо жана аларды ташуу үчүн идиш; |
| - артериялык басымды өлчөө үчүн аппарат; |
| - стетофонендоскоп; |
| - тосмо; |
| - медициналык кушетка; |
| - стерилдүү инструменттерди жана материалдарды сактоо үчүн контейнер; |
| - стерилдүү инструменттерди сактоо үчүн манипуляциялык стол; |
| - медициналык жылдырылма шамчырак; |
| - бактерициддик нурландыргыч/аба тазалагыч/абаны зыянсыздандыруу жана (же) чыпкалоо жана (же) үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн түзмөк; |
| - медициналык тараза; |
| - бойду ченегич |
| КРТ үчүн манипуляциялык кабинет: |
| - гинекологиялык кресло (гидравликалык көтөргүчү менен); |
| - көлөкөсүз медициналык шамчырак; |
| - вакуум-аспиратор; |
| - клиноктор топтому менен ларингоскоп; |
| - ингаляциялык наркоз үчүн көчмө аппарат; |
| - гинекологиялык текшерүү үчүн инструменттер; |
| - кычкылтек жана газ булагы (портативдик, стационардык); |
| - колдонулган материалдар (медициналык калдыктар) үчүн контейнер; |
| - анестезиологиялык чакан стол, жгуттар; |
| - пункция саптары менен жабдылган вагиналдык жана абдоминалдык датчиктери бар ультрадобуш аппараты; |
| - мониторингдөө үчүн аппарат (пульс, оксигенация, артериялык басым); |
| - антишок топтому, анти-AИВ топтому; |
| - инструменттик чакан стол; |
| - манипуляциялык чакан стол; |
| - дары препараттары үчүн медициналык шкаф; |
| - бактерициддик нурландыргыч/аба тазалагыч/абаны зыянсыздандыруу жана (же) чыпкалоо жана (же) үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн түзмөк |
| Эмбриологиялык бөлмө: |
| - бинокулярдык лупа; |
| - термостат (CO2 инкубатор); |
| - жарык микроскобу; |
| - инверттелген микроскоп; |
| - микроманипулятор; |
| - центрифуга; |
| - лабораториялык, медициналык, фармацевтикалык муздаткычтар; |
| - бактерициддик нурландыргыч/аба тазалагыч/абаны зыянсыздандыруу жана (же) чыпкалоо жана (же) үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн түзмөк; |
| - иш жасала турган үстүнкү бети жылытылуучу ламинардык бокс; |
| - инкубаторлордо CO2 контролдоо үчүн датчик; |
| - анти-AИВ топтому |
| Криосактагыч жай: |
| - биоматериалды криоконсервациялоо үчүн жабдуулар; |
| - криоконсервацияланган жыныс клеткаларын/эмбриондорду жана репродуктивдик органдардын ткандарын сактоо үчүн Дьюар идиши; |
| - криоконсервацияланган жыныс клеткаларын жана репродуктивдик органдардын ткандарын ташуу үчүн Дьюар идиши; |
| - суюк азоттун запасы бар Дьюар идиши; |
| - биоматериал үчүн контейнер; |
| - транспорттоочу араба; |
| - жайда кычкылтектин курамын контролдоо үчүн датчик |
| Стерилизациялоо бөлмөсү: |
| - кургатып ысытуучу шкаф же В классындагы автоклав; |
| - аквадистиллятор (же альтернативасы); |
| - жуу жана дезинфекциялоо үчүн жабдуулар; |
| - инструменттерди жана материалдарды стерилизациялоого даярдоо үчүн стол; |
| - стерилдүү инструменттерди жана керектелүүчү материалдарды сактоо үчүн камера; |
| - бактерициддик нурландыргыч/аба тазалагыч/абаны зыянсыздандыруу жана (же) чыпкалоо жана (же) үстүнкү беттерди дезинфекциялоо үчүн түзмөк |
30 | Кечиктирилгис тез жардам (минималдуу топтом): |
| - салондогу жарыгы багытталган шамчырагы бар санитардык транспорт; |
| - медикаменттер үчүн шкаф, стерилизаторлор, бикстер, лотоктор, дары каражаттарын инфузиялоо үчүн штативдер, таңуучу материал, жгуттар, зонддор, катетерлер, шпателдер, ооз кеңейткичтер, тонометр, фонендоскоп, термометр; |
| - кушетка, каталка, шина ташыгычтар, кычкылтек жаздыктары, портативдүү аспиратор, түрдүү өлчөмдөгү аба өткөргүчү бар "Амбу" баштыкчасы ж.б.; |
| - медициналык ящик - негизги топтому менен, эпидемияга каршы топтомдорду, төрөт пакетин, реанимациялык топтомду, инфузиялык эритмелерди салуу үчүн кошумча медициналык ящик; |
| - портативдик: глюкометр, электрокардиограф, дефибриллятор, дем алуу аппараттары |
31 | Дерматокосметологдун кабинети: |
| - медициналык эмерек; |
| - косметологиялык кушетка; |
| - инструменттерди жана буюмдарды УД-тазалоочу жана дезинфекциялоочу түзмөк (ванна); |
| - абаны ультрафиолет нурландыргыч-рециркулятор; |
| - бактерициддик ультрафиолет нурландыргыч; |
| - кургатып ысытуучу шкаф же В классындагы автоклав; |
| - стерилдүү инструменттерди сактоо үчүн ультрафиолет боксу; |
| - медикаменттерди сактоо үчүн муздаткыч; |
| - стерилизациялоого тийиш болгон косметикалык инструменттердин топтому (чөйчөктөр, кисточкалар, шпателдер); |
| - стерилизациялоого тийиш болгон косметикалык инструменттердин топтому (Уно кашыгы, металл лоток, хирургиялык кайчы, пинцет) |