Редакцияот 29.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылы 29-июлу № 38

  Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы 2,04га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылындагы  2,04га жер аянтын которууга (трансформациялоого)   макулдук берүү боюнча А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык  кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат: 

 

  1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы №265, 266, 267 контурларда жайгашкан 2,04 га жайыт жер аянтын “Өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
  2.  Төрт-Гүл  айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы 2,04га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:

 Н.Артыков