Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-августу № 738-т
Мамлекеттик программаларды жеңилдетилген кредиттөө долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– 1-пункттун 3-пунктчасындагы “субсидиялоо” деген сөз “капиталдаштыруу” деген сөзгө алмаштырылсын;
– жогоруда аталган тескеменин 1-тиркемесинде:
12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Кредит берүү төмөнкүдөй шарттарда жүзөгө ашырылат:
1 | Максаттуу багыты | Чарбакер субъекттерге – агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жана айыл чарба техникасын, агроөнөр жай жабдууларын, асыл тукум жаныбарларды жана канаттууларды лизингге берүү жолу менен колдоо көрсөтүү |
2 | Категориялар үчүн кредит берүүнүн өлчөмү жана мөөнөтү | 1. Айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлору үчүн: – күрөөсүз негизде 36 айга кайтаруу мөөнөтү менен 300,0 миң сомго чейин; – күрөөлүк камсыздоо менен 36 айга кайтаруу мөөнөтү менен 500,0 миң сомго чейин; – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен 5,0 млн сомго чейин. 2. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле малды бордоп семиртүү жана тоют даярдоо, буудай өстүрүү менен алектенген айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айлык мөөнөткө 50,0 млн сомго чейин. 3. Кластердин агрегаторлору үчүн – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен 150,0 млн сомго чейин. 4. Кант кластеринин агрегаторлору үчүн – күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен 300,0 млн сомго чейин. 5. Бир эле убакта эки жана/же андан көп кластерлерде агрегаторлор болуп саналган агрегаторлор үчүн ал катышуучу болуп саналган кластерде күрөөлүк камсыздоо менен 60 айга кайтаруу мөөнөтү менен жалпы 300,0 млн сомдон ашык эмес же ага барабар суммага кредиттерди алууга жол берилет. 6. Бул долбоор боюнча каржылоо алуучу ишкердик субъекттер үчүн параллелдүү кредиттерди алууда жалпы карыз (мурда алынган кредиттер боюнча негизги сумманын калдыгы жана параллелдүү кредит боюнча алынуучу негизги сумма) ушул пункттун 1–5-пунктчаларында көрсөтүлгөн суммадан ашпоого тийиш |
3 | Лизингдин шарттары | Лизингдин суммасы: – айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана субконтракторлор үчүн – 30,0 млн сомго чейин; – кластердин агрегаторлору үчүн – 300,0 млн сомго чейин. Лизингдин мөөнөтү – айыл чарба, ирригациялык, сугат жана атайын техниканы, айыл чарба багытындагы автотранспорт каражаттарын, агроөнөр жай жана фермердик жабдууларды, сугаруу максатында скважиналарды бургулоо үчүн бургулоо орнотмолорун, насостук станцияларды, ресурс үнөмдөөчү/жашыл технологияларды, жогорку өндүрүмдүү асыл тукум айыл чарба жаныбарларын жана канаттууларды лизингге алууга 10 пайыздан кем эмес алгачкы төгүмдү төлөө шарты менен 84 айга |
4 | Лизингдин предметин камсыздандыруу | Лизингдин предмети кардар тарабынан камсыздандыруу компанияларында мүмкүн болуучу зыяндын бардык түрлөрүнөн, анын ичинде өлүм, жоготуу, бузулуу, мөөнөтүнөн мурда эскирүү тобокелдиги менен байланышкан зыяндан милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш |
5 | Агрегаторлор үчүн кайра каржылоонун шарттары | Берилүүчү кредиттин суммасынын 50 пайызынан ашык эмес |
6 | Категориялардын негизги мүнөздөмөлөрү жана кредит алуунун шарттары | Агроөнөр жай кластерлеринин бардык катышуучулары үчүн талаптар: – Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналат; – агрегатор кластердик бирикменин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн макулдашуунун негизинде агроөнөр жай кластеринин мүчөсү болууга жана Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында тиешелүү түрдө катталууга тийиш |
7 | Акыркы пайыздык ставка | Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жылдык 6 пайыз |
8 | Жеңилдетилген мезгил | Кредиттин негизги суммасын төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил – 24 (жыйырма төрт) айга чейин |
9 | Айыптык санкциялар | Катышуучу банктар: – зайымчылар тарабынан кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган учурда кредит максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган күндөн тартып жылдык 30 пайызды белгилөө менен кредит боюнча пайыздык ставкаларды көбөйтүү жолу аркылуу финансылык санкцияларды колдонот же зайымчыдан карыздын калган суммасын мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу; – агрегаторлор же фермерлер тарабынан кластерде катышуучулардын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде милдеттенмелердин аткарылбагандыгы же талаптагыдай аткарылбагандыгы аныкталган учурда мындай зайымчы боюнча кредит аныкталган күндөн тартып жылдык 30 пайызды белгилөө менен кредит боюнча пайыздык ставкаларды көбөйтүү жолу аркылуу аларга финансылык санкциялар колдонулат |
”;
– жогоруда аталган тескеменин 3-тиркемесинде:
аталышындагы жана 1-пунктундагы “субсидиялоо” деген сөз “капиталдаштыруу” деген сөзгө алмаштырылсын;
2-пункттагы “2000000000,0 (эки миллиард) сом суммасында” деген сөздөр “2000000000,0 (эки миллиард) сомдон суммада” деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |