Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 15-сентябры ПЖ № 259
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын
жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор
жөнүндө
Жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча жаңы, көп функциялуу жана натыйжалуу мамлекеттик уюмду түзүү, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртуу жана транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбор (мындан ары – Мамлекеттик борбор) деп кайра аталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы автомототранспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды, тракторлорду, стационардык технологиялык түзүлүштөрдү жана жабдууларды каттоо, кайра каттоо, квалификациялык экзамендерди өткөрүү жана кабыл алуу, транспорт каражаттарын башкаруу укугуна айдоочулук күбөлүктөрдү жана өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды башкаруу укугуна тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү, Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн жекелештирүү, транспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча окутуу уюмдарынын (автомектептердин) ишин лицензиялоо, транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди даярдоо жана цифралардын же/жана тамгалардын өзгөчө айкалышындагы мамлекеттик каттоочу номердик белгилерди, ошондой эле автотранспорт каражаттарына ысымдуу номердик белгилерди сатуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат деп;
2) Мамлекеттик борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат деп;
3) бул Жарлыкты ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
1) Мамлекеттик борборду юстиция органдарында каттоону жүргүзсүн;
2) Мамлекеттик борбордун жобосун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитсин;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин;
4) Мамлекеттик борборго жүктөлгөн жеке жана юридикалык жактарга мамлекеттик кызматтарды үзгүлтүксүз көрсөтүүнү камсыз кылсын;
5) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 71 (3727) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
С.Н. Жапаров |