Редакцияот 29.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылы 29-июлу № 42

 “Чек айылындагы жалпы узундугу 2400 метрди түзгөн М.Өсөров жана А.Алпаизов көчөлөрүнүн автоунаа жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине өткөрүп берүү тууралуу”

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын 24-июлундагы билдирүүсүн угуп, анда Чек айылындагы жалпы узундугу 2400 метрди түзгөн М.Өсөров жана А.Алпаизов көчөлөрүнүн автоунаа жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине өткөрүп берүү сунушу каралып  талкууланып, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы төмөнкүдөй токтом кылат:

 

  1. Чек айылындагы жалпы узундугу 2400 метрди түзгөн М.Өсөров жана А.Алпаизов көчөлөрүнүн автоунаа жолдорун Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине өткөрүп берүү жөнүндө сунушуна макулдук берилсин.
  2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө тиешелүү техникалык жана укуктук документтерди даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү тапшырылсын.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин  жер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары Д.Анапияевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

 Н.Артыков