ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылы 29-июлу № 43
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Р-6 каналынын жогору тарабында жайгашкан №222 контурундагы 3,0 га жер аятын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 82-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесинин 11-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12-Мыйзамынын 3-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамына 7-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 4-июлундагы №01-13/2325 сандуу сандуу маалыматына,көрсөтүлгөндөй жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын 25-июлундагы №19 сандуу билдирүүсүнүн, Чек айылынын тургуну Айдаров Галбай Макамовичтин айыл өкмөтүнө жазган арызынын угуп, жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIIIсессиясы токтом кылат:
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Р-6 каналынын жогору тарабындагы №217контурда жайгашкан 3,0 га жер аянты таштактуу жайыт жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылындагы Р-6 каналынын жогору тарабындагы 3,0га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияев жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Артыков |