Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 185
Калктын жана ишкердик субъекттердин салыктык түйшүгүн азайтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) 2-бөлүктүн 20-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "е" пунктчасы менен толукталсын:
"е) салык кызматынын органынын салык органы тарабынан эсептелген мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө билдирүүсүнүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 57-пункт менен толукталсын:
"57) транзакция - мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында катталган уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү тарабынан чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине акча каражаттарын кайра жөнөтүү боюнча операция.
Башка салык төлөөчү аркылуу алуу жана берүү, ошондой эле мындай уюмдун, жеке ишкердин, чет өлкөлүк уюмдун филиалынын/өкүлчүлүгунүн чет мамлекеттин банкында ачылган эсептерин пайдалануу учурларын кошкондо, акча каражаттарын накталай жана накталай эмес формада алуу жана берүү акча каражаттарын кайра жөнөтүү деп таанылат.";
2) 18-берене төмөнкүдөй мазмундагы 61-бөлүк менен толукталсын:
"61. Мөөнөттүн биринчи күнү жумуш эмес күнгө туура келген учурларда, мөөнөттүн башталган күнү деп андан кийинки жумуш күнү эсептелет.";
3) 28-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- көмөкчү мүнөздөгү иш деп мындай филиалды/өкүлчүлүктү түзгөн чет өлкөлүк уюмдун тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине жүргүзүлүүчү транзакцияларды кошпогондо, мындай иштин натыйжасында чыгарылуучу продукция резидент эмес тарабынан дайыма орто аралыкта пайдалануу үчүн багытталгандыгы ал үчүн негизги критерий болуп саналган резидент эместин негизги ишин жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында резидент эместин филиалынын/өкүлчүлүгүнүн ишинин алкагындагы иш түшүнүлөт;";
4) 341-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда ушул Кодекстин талаптарына ылайык салык органы тарабынан салык аудитин жүргүзүү жана ушул Кодексте каралган салыктык текшерүүлөрдүн айрым түрлөрүн токтото туруу укугу жөнүндө.";
5) 49-берененин 1-бөлүгүнүн 15-пунктунун "в" пунктчасынын экинчи абзацында "жана 13" деген сөздөр алып салынсын;
6) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунда "көчмө салыктык текшерүү" деген сөздөр "салык аудити, көчмө салыктык текшерүү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 53-берененин 2-бөлүгүнүн 2-2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
8) 60-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 24-пунктунун "в" пунктчасынын экинчи абзацында "жана 13" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Салык кызматынын органдары салык төлөөчүлөрдү ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу категориялаштырууну (аларды статистикалык/математикалык моделдерди пайдалануу менен сегменттөөнү) караган салык төлөөчүлөрдүн рейтингин түзөт.
Салык төлөөчүлөрдүн рейтингин түзүү тартиби, ошондой эле салык төлөөчүлөрдү рейтингге ылайык администрациялоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
9) 61-берененин 2-бөлүгү "режимди колдонуучу субъект" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗ субъектиси" деген сөздөр менен толукталсын;
10) 64-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүктүн 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) мүлккө эсептелген жана төлөнгөн салыктын суммалары бөлүгүндө кыймылсыз мүлккө укукту мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;";
11) 72-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"72-берене. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими
1. Салык төлөөчү ушул беренеде каралган учурларда жана тартипте салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонууга укуктуу.
2. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими төмөнкү учурларда колдонулат, эгерде салык төлөөчү:
1) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим тапшырылган датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салык санкциясынан төлөнгөн күнгө эсептелген 50 пайыз өлчөмүндөгү сумманы, ошондой эле төлөнгөн күнгө эсептелген туумдардын 50 пайызын төлөсө;
2) такталган салык отчету берилген датадан тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен ушул отчеттуулукка ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салык калдыгынын толук суммасын, ошондой эле төлөө күнүнө эсептелген, төлөнүүгө тийиш болгон туумдун 30 пайыз өлчөмүндө сумманы төлөсө;
3) салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимге салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечими тапшырылган датадан тартып 15 календардык күндөн кечиктирбестен салык калдыгынын толук суммасын жана мындай текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча эсептелген салык санкциясынан төлөнгөн күнгө эсептелген 70 пайыз өлчөмүндө сумманы, ошондой эле төлөнгөн күнгө эсептелген туумдардын 70 пайызын төлөсө.
Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режими салык төлөөчүнү төмөнкүлөрдөн бошотот:
- ушул бөлүктүн 1 жана 3-пункттарында каралган учурларда, туумдардын жана салык санкциясынын калган бөлүгүнөн;
- ушул бөлүктүн 2-пунктунда каралган учурларда, туумдардын калган бөлүгүнөн жана салык санкциясынын 100 пайызынан.
3. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу салык төлөөчүнүн аны колдонуу тууралуу арызынын негизинде жүзөгө ашырылат. Жеңилдетилген режимди колдонуу жөнүндө арыз ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн кечиктирилбестен берилет.
4. Ушул берененин максаттары үчүн ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн төлөмдөрдү төлөө деп төмөнкүлөр таанылат:
1) салык төлөөчү тарабынан накталай эмес акча формасында төлөө;
2) салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын, пайыздарын, туумдарын жана салыктар боюнча салык санкцияларын ушул төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине чегерүү.
5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган бардык талаптар сакталса, салык органы ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер берилген учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө чечим чыгарат.
6. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечимде көрсөтүлгөн салыктын бир же бир нече түрлөрү боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилет.
Салыктын бир түрүнүн мезгили боюнча салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин жарым-жартылай колдонууга жол берилбейт.
7. Салык төлөөчү салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонгондо салыктык текшерүүнүн натыйжалары боюнча эсептелген салык милдеттенмеси салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы деп автоматтык түрдө таанылат, салыктык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чечим андан ары даттанылбайт.
8. Салык милдеттенмесин аткаруунун жеңилдетилген режимин колдонуу жөнүндө арыздын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.";
12) 84-беренеде:
а) 1-бөлүк "Ушул Кодексте белгиленген учурларда" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле товарларды ташып келүүдө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк "Депозитти кабыл алган" деген сөздөр "Товарларды импорттоодо депозит төлөгөн учурларды кошпогондо, депозитти кабыл алган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо акча каражаттарын депозиттик эсепке төлөө, аларды пайдалануу жана кайтарып берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
13) 85-берене төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын:
"8. Калкты электр, жылуулук энергиясы жана/же отун ресурстары менен камсыз кылууга тартылган уюмдардын эсептешүү эсебине СТТ коюлууга тийиш эмес.
Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн уюмдардын тизмеги, ошондой эле мындай уюмдардын эсептешүү эсебине СТТ коюуга жол берилбеген мезгил Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
14) 97-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 3-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Салык төлөөчү тааныган салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү, ошондой эле мүлк салыгынын суммасын эсептөө жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү электрондук документ түрүндө кат-кабар алууга салык төлөөчүнүн макулдугусуз ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутуму же башка маалыматтык тутумдар аркылуу электрондук документ түрүндө жеткирилиши мүмкүн.";
б) 6-бөлүктө:
- 2 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:
"30) салык аудитин дайындоо жана/же узартуу, жана/же токтото туруу, жана/же кайра баштоо жөнүндө.";
15) 99-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Ушул Кодекске ылайык бирдиктүү салык декларациясын берүүдөн бошотулган жеке ишкерлер ишин токтотууда бирдиктүү салык декларациясын бербейт.";
16) 106-берененин 2-бөлүгүнүндө:
а) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) жеке ишкер, төмөнкү жеке ишкерди кошпогондо:
- өзгөчө режимдеги соода зоналарында салыктын негизинде иш жүргүзгөн;
- бирдиктүү салыктын 0 пайыз, 0,1 пайыз, 0,5 пайыз жана 1 пайыз ставкалары боюнча салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн;
- патенттин негизинде иш жүргүзгөн;
- юридикалык жакты түзбөстөн, дыйкан/фермердик чарба катары катталган жана иш жүргүзгөн;";
б) 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
17) 109-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) салык аудити;";
18) 111-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Салыктык каттоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:
1) салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктык каттоо жөнүндө арыз берген күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен;
2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маалымат боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин бири болгон күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө.";
19) 114-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыймылсыз мүлк, анын ичинде жерлер үчүн ушул берененин максаттарында салык салуу объектисинин жайгашкан жери болуп алардын иш жүзүндө жайгашкан жери саналат.";
20) 12-глава төмөнкүдөй мазмундагы 1161-берене менен толукталсын:
"1161-берене. Салык аудити
1. Салык аудитинин максаты болуп ушул Кодекстин 341-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда салыктардын бардык түрлөрү, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын салык төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү саналат.
2. Салык аудитин жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Салык аудити салык төлөөчүнүн арызын алган учурда ушул аудитти жүргүзүү жөнүндө салык органынын жетекчиси кол койгон чечимдин жана жазма буйруктун негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.
4. Салык аудити аяктагандан кийин эки нускадан кем эмес санда корутунду түзүлөт, ага аудит жүргүзгөн кызмат адамынын колу коюлат жана салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
5. Салык аудитинин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечим чыгарылбайт:
1) салыкты, туумдарды эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;
2) салык төлөөчүнү салыктык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө.
6. Салык аудитинин корутундусун аткаруу салык төлөөчү үчүн ыктыярдуу болуп саналат.
7. Салык аудитин жүргүзүү жөнүндө чечимдин жана жазма буйруктун, ошондой эле корутундунун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.";
21) 117-берененин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун "г" пунктчасында "календардык" деген сөз "жумуш" деген сөзгө алмаштырылсын;
22) 124-берененин 1-бөлүгүндө "календардык" деген сөз "жумуш" деген сөзгө алмаштырылсын;
23) 139-берененин 3-1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "30 пайыздан ашык айырмаланган" деген сөздөр "төмөн болгон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
24) 145-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) катталган же каттоодон чыгарылган транспорт каражаттары, алардын параметрлери жана менчик ээлери жөнүндө.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн орган төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мүлк салыгы боюнча салык карызынын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты маалымат тутумунда текшерүүгө;
- мүлк салыгы боюнча 5 же андан көп эсептик көрсөткүчтөн ашкан салык карызы болсо, салык карызы жоюлганга чейин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон баш тартууга.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктү, ошондой эле банкрот деп таанылган (жарыяланган) субъекттердин кыймылсыз мүлкүнө укуктарын каттоодо жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды алуу талап кылынбайт.";
25) 146-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пунктунун "б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
- уюмдар жоюлганда же жеке ишкердин иши токтотулганда;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 9-пункт менен толукталсын:
"9) ушул Кодекстин 315-беренесине ылайык КНСти эсепке алуу максатында накталай эмес формада сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөм боюнча салык төлөөчүнүн эсебинен маалымат берүүгө.";
26) 163-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде салык кызматынын органы тарабынан салык контролунун жүрүшүндө жалпы салык режиминин негизинде же ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "б" пунктчасына ылайык салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумунун негизинде иш жүргүзгөн салык төлөөчүдө баштапкы эсептик документтери жок сатып алынган жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык тутумуна киргизилбеген товардын бар экендиги аныкталса, ал салык төлөөчүгө киреше салыгы боюнча мындай товардын рыноктук наркынын 5 пайызы өлчөмүндө салык санкциясы колдонулат.";
27) 167-берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, эгерде салык төлөөчү салык кызматынын органдарынын чечимине даттанууну ушул берененин 1, 2 жана 5-бөлүктөрүндө белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин берсе, анда бул даттануу каралууга тийиш эмес, бул жөнүндө салык төлөөчүгө жазуу жүзүндө кабарланат.";
28) 171-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Эгерде салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча чечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин чыгарууда эске алынбаган жана салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин өзгөртүүгө алып келген документтик маалыматтар алынса, анда ыйгарым укуктуу салык органы бул чечимди салык төлөөчүнүн даттануусу боюнча ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин салык төлөөчүгө тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып бир жылдын ичинде өзгөртүүгө укуктуу.";
29) 174-берененин 17-пунктунун "н" жана "о" пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
30) 183-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Министрлер Кабинети пайда салыгы, КНС, анын ичинде импортко КНС жана товарларды, жумуштарды сатуудан жана кызмат көрсөтүүлөрдөн алынуучу салык боюнча жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон, алар боюнча бошотууларды берүү жана/же ушул Кодексте белгиленген ставкалардын чегинде салыктардын ставкаларын өзгөртүү менен улуттук инвестициялык долбоор же мамлекеттик маанидеги долбоор статусуна ээ болгон долбоорлорду ишке ашыруучу уюмдардын тизмегин, ошондой эле салык жеңилдиктерин берүү тартибин бекитет.";
31) 1831-берененин 3-бөлүгүндө ", 13" деген цифралар алып салынсын;
32) 197-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "4-бөлүгүндө" деген сөздөр "1-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
33) 201-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Баштапкы эсепке алуу документтери жок сатып алынган товарлары бар салык төлөөчүлөргө салык агенти катары киреше салыгын кармоо жана төлөө боюнча милдеттенме жайылтылбайт.";
34) 207-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) Кыргыз Республикасындагы булактан киреше алуучу, анын тапшырмасы боюнча салык төлөөчү андан же башка чет өлкөлүк субъекттен акча каражаттарын башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине кайра жиберген чет өлкөлүк жеке жак.";
35) 2081-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
36) 213-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) транзакция боюнча кызмат акысы.";
37) 225-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоонун бирдиктүү тутумунун органынын маалыматтарына ылайык турак жай фондуна киргизилген кыймылсыз мүлк объекттери, жеңил автомобилдер, мотоциклдер, мотороллерлер, мопеддер, моточаналар жана моторлуу кайыктар, яхталар жана суу мотоциклдери, алар ишкердик иште колдонуларына же колдонулбастыгына карабастан ишкердик ишти жүргүзүү үчүн багытталган мүлк объекттери деп таанылбайт.";
38) 236-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 20-пунктта "айрым учурларды кошпогондо," деген сөздөрдөн кийин "эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса," деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толуктасын:
"21) соода ишин жүргүзүүчү жана патенттин негизиндеги салык, өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык жана 0,5 пайыздык ставка боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча салык төлөөчү субъекттерден сатып алынган товарлардын наркы.";
39) 33-глава төмөнкүдөй мазмундагы 2451-берене менен толукталсын:
"2451-берене. Транзакцияга салык салуунун өзгөчөлүктөрү
1. Чет өлкөлүк субъекттин тапшырмасы боюнча андан же башка чет өлкөлүк субъекттен башка чет өлкөлүк субъекттин дарегине же анын дарегине уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү тарабынан транзакция боюнча кайра жиберилген акча каражаттарынын суммасына мындай уюмда, жеке ишкерде, чет өлкөлүк уюмдун филиалында/өкүлчүлүгүндө эсептен чыгарууларды жүзөгө ашырбастан кайра жиберилген сумманын 0,2 пайыздык ставкасы боюнча салык салынууга тийиш.
Ушул бөлүктүн максаттары үчүн салык базасына чет өлкөлүк уюм тарабынан анын туруктуу мекемесинин же өкүлчүлүгүнүн учурдагы чыгымдарын каржылоо үчүн жиберилүүчү акча каражаттары киргизилбейт.
2. Транзакцияга салык ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчү тарабынан учурдагы салыктык эсепке алуу орду боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөнөт жана ал боюнча отчет берилет.";
40) 2491-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
41) 2492-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
42) 265-беренеде:
а) "КНС бошотулган" деген сөздөр "1. КНС бошотулган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"2. Кыймылсыз мүлктү алмашуу жана/же аны мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайтарымсыз өткөрүп берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналат.";
43) 296-берене төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12) транзакция боюнча кызматтарды көрсөтүү.";
44) 297-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) 870240, 870380 жана 890110 товардык позицияларында Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы (ЕАЭБ ТЭИ ТН) менен классификациялануучу, электр кыймылдаткычы менен гана кыймылга келтирилүүчү, чыгарылган жылы 5 жылга чейинки жерде жүрүүчү жана суу транспорт каражаттары, ошондой эле аларга тетиктер;";
б) 25-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25) Улуттук банк тарабынан ташып киргизилүүчү баалуу металлдар, анын ичинде аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар, инвестициялык монеталар;";
45) 301-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пункту "8802," деген цифралардан кийин "8903 (кыймылдаткычы жок же электр кыймылдаткычы менен гана жүргүзүлүүчү парустуу кемелерге гана карата)," деген сөздөр менен толукталсын.
46) 315-берененин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
а) "в" пунктчасы "чектер алынса;" деген сөздөрдөн кийин "жана/же" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы "г" пунктчасы менен толукталсын:
"г) товар алмашуу (бартердик) операциясын жүргүзүү аркылуу төлөм жүргүзүүнү кошпогондо, сатып алынган материалдык ресурстар үчүн төлөм накталай эмес формада жүргүзүлсө;";
47) 316-берененин 5-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын аймагында накталай түрдө жана/же товар алмашуу (бартердик) операциясы боюнча сатып алынган материалдык ресурстар үчүн КНС эсепке алынбайт.";
48) 364-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 12-пунктта "боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү" деген сөздөр алып салынсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 13-пункт менен толукталсын:
"13) транзакция боюнча";
49) 368-берененин 4-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) патенттин негизинде ишти жүзөгө ашыруучу субъекттин, ошондой эле ушул Кодекстин 423-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун "а" пунктчасында, 6 жана 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн субъекттин дарегине - төлөө учурунда төмөнкүдөй белгиленет:
а) накталай эмес формада - 1 пайыз өлчөмүндө;
б) накталай формада - 2 пайыз өлчөмүндө;
2) жеке маалыматтары көрсөтүлбөгөн субъекттин дарегине - 2 пайыз өлчөмүндө белгиленет;";
б) 3-пункттун "б" пунктчасында "3" деген цифра "2" деген цифрага алмаштырылсын;
50) 372-беренеде:
а) 4-пунктта "транспорт каражаты, анын ичинде аба жана суу кемелери," деген сөздөр алып салынсын;
б) 6-пункттун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
51) 374-берененин 1-бөлүгү "бошотулган субъекттерге" деген сөздөрдөн кийин "(ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерди кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
52) 376-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Имарат, жай, курулма жана жер участогу үчүн мүлк салыгынын салык базасы болуп имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун чарчы метрдеги аянты эсептелет.";
53) 379-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. 2022-жылдын 1-январынан тартып 2030-жылдын 31-декабрына чейин айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленет.
Айыл чарба жерлерине мүлк салыгынын ставкасы 0 пайыз өлчөмүндө белгиленген учурда салык органы тарабынан салыктын суммасын эсептөө боюнча милдеттенме келип чыкпайт.";
54) 381-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча милдет ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылбаган үйдүн жанындагы, короонун жанындагы же багбанчылык-чарбак жер участоктору, айыл чарба жерлерине таандык болгон жер участогу, турак жай имараты жана орун жайы, ошондой эле базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак жай эмес курулма жайгашкан жер боюнча салык органына жүктөлөт.";
б) 2-2-бөлүктө:
- биринчи абзацта "жана транспорт каражатына" деген сөздөр алып салынсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Эгерде ушул объекттин салык базасы ушул Кодекстин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдик колдонулгандан кийин нөлдүк же терс мааниге ээ болсо, анда ушул Кодекстин 409-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда белгиленген жеңилдик салыктын эсептелген суммасынын экинчи эң чоң өлчөмү менен салык салынуучу турак жай мүлк объектисине карата колдонулат;";
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3) ушул бөлүктүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн турак жай мүлкүнүн эки жана андан ашык объекттерине салыктын эсептелген суммасы бирдей эң көп мааниге ээ болгон учурда, жеңилдиктер берилүүгө тийиш болгон кандай болбосун мүлк объекттерине карата.";
в) 3-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салыктын суммасын эсептөө жөнүндө салык органынын кабарлоосу учурдагы жылдын 31-ноябрын кошуп алгандагы мезгилге карата салык төлөөчүгө учурдагы салыктык мезгилдин 1-декабрынан кечиктирилбестен тапшырылат, базардын/кичи базардын аймагында жайгашкан жана кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоодон өтпөгөн турак эмес курулмага мүлк салыгын кошпогондо, салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген салыкты төлөө мөөнөтүнө чейин 30 календардык күндөн кечиктирилбестен тапшырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:";
55) 382-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"382-берене. Салык төлөнүүчү жер
Мүлк салыгы имараттын, жайдын, курулманын жана жер участогунун жайгашкан жери боюнча төлөнөт.";
56) 384-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, салык төлөөчү базарлардын/кичи базарлардын аймагында жайгашкан жана учурдагы салык мезгилине карата кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу органда каттоого тийиш болбогон турак жай эмес курулмаларды кошпогондо, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерге, турак жай эмес имараттарга, жайларга, курулмаларга мүлк салыгынын маалыматтык эсебин төмөнкүдөй берүүгө милдеттүү:
1) уюм - учурдагы жылдын 1-апрелине чейин;
2) жеке жак, анын ичинде жеке ишкер - учурдагы жылдын 1-майына чейин.";
57) 392-берененин 1-бөлүгүндө "салык төлөөчүнүн тандоосу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;
58) 54-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
59) 409-беренеде:
а) аталышында ", автотранспорт каражатына" деген сөздөр алып салынсын;
б) 1-бөлүктө:
- 2-пунктта "жана транспорт каражаттары" деген сөздөр алып салынсын;
- 5 жана 6-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
в) 2-бөлүктүн 1-пунктунда ", бир транспорттук каражаты" деген сөздөр алып салынсын;
60) төмөнкүдөй мазмундагы 551-глава менен толукталсын:
"551-глава. Транзакцияга салык салуунун өзгөчөлүктөрү
4121-берене. Жалпы жоболор
1. Атайын салык режиминин негизинде салык төлөгөн, транзакцияны жүзөгө ашырган уюм, жеке ишкер, чет өлкөлүк уюмдун филиалы/өкүлчүлүгү транзакцияга салык төлөөчү болуп саналат.
2. Атайын салык режиминин салык төлөөчүсү тарабынан транзакция үчүн алынган акы ушул бөлүмдө белгиленген салык сапуу объектиси болуп саналбайт.
3. Атайын салык режиминин салык төлөөчүсү тарабынан транзакцияга салык боюнча эсептөө, төлөө жана отчет берүү ушул Кодекстин 245-1-беренесине ылайык жүзөгө ашырылат.";
61) 413-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Патент салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн салыктык же эсептик каттоосу болгон учурда ишкердик ишти жүргүзгөн жери боюнча салык органынан сатып алынышы мүмкүн, ал эми соода ишин жүргүзгөн ишкердиктин субъектиси үчүн соода ордунун жана/же объектинин болушу кошумча шарт болуп саналат.";
62) 414-беренеде:
а) 2-бөлүк "салыктын суммасын" деген сөздөрдөн кийин "соода аянтына," деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3 жана 4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ал жеткис күчтүн жагдайлары келип чыккан учурларды кошпогондо, салыктын базалык суммасын эсептөө жана аныктоо жана аны түзөтүү хронометраждык иликтөөлөрдүн, ошондой эле салык кызматынын органдарында болгон маалыматтын негизинде же ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган тартипте жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыктары боюнча жүргүзүлөт.
4. Эгерде салык төлөөчү иштин эки же андан ашык түрүн айкалыштырса, анда патент экономикалык иштин ар бир түрүнө өзүнчө алынат.";
63) 416-беренеде:
а) 4-бөлүктө:
-1-пунктта "катары менен" деген сөздөр "соода ишин кошпогондо, катары менен" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) жалпы салык режими жана башка атайын салык режимдери боюнча салык төлөөчү жеке жак.";
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурда, салык төлөөчү шайкеш келбестик белгиленген мезгилдин ичинде салык органына шайкеш келбестик белгиленген айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.
Эгерде салык органына салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн башка тартибине өтүү жөнүндө арызды берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз учурунда бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү деп таанылат.
Ушул бөлүккө ылайык патенттин негизиндеги салыкты төлөөчү катары эсептен чыгарылган салык төлөөчү мындай эсептен чыгарылгандан кийин 1 жылдан эрте эмес убакытта патенттин негизиндеги салыкты төлөөгө кайрадан өтүүгө укуктуу.";
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:
"4) жеке жак ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган талаптарды бузса;
5) жеке жак товарды, жумуштарды берүүчү же кызматтарды көрсөтүүчү субъект-берүүчү менен курулай же жалган бүтүм түзүү максатында патентти иш жүргүзүү ниети жок алса.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын:
"7. Соода аянты жана/же учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткен учурда, салык төлөөчү ишкердик ишти жүргүзгөн жери боюнча салык органына календардык жылдын калган айларына түшкөн акчанын көлөмүн көрсөтүү менен арыз берүүгө жана түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө ылайык салыктын ставкасы менен патент сатып алууга милдеттүү.
Эгерде ишкердик иш жүргүзгөн жери боюнча салык органына соода аянты жана/же учурдагы календардык жылдын калган айларына алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмү ашып кеткендиги жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү арыз бербесе же аны өз учурунда бербесе, анда ал арыз берүүгө милдеттүү болгон айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып соода аянтынын аныкталган өлчөмүнө жана/же түшкөн акчанын көлөмүнө тиешелүү патенттин негизиндеги салыктын ставкасын колдонуу менен салык төлөөчү деп таанылат.";
64) 417-беренеде:
а) 2-4-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Патент төмөнкүлөргө алынышы мүмкүн:
а) учурдагы календардык жылдын калган айларына карата соода иши үчүн;
6) катары менен келген 15, 30, 90, 180 жана 365 күнгө калган иштер үчүн. 90 календардык күнгө патент алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 календардык күнгө - 10 пайызга, 365 календардык күнгө - 15 пайызга төмөндөтүлөт.
3. Салыктын суммасы туруктуу болот жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте колдонуу мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын мезгилине туш келген патенттин негизинде кайра эсептелген салыктын суммасын, ошондой эле ушул Кодекстин 416-беренесинин 7-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, патент алынгандан кийин кайра эсептелбейт, ал эми салыктын төлөнгөн суммасы патент алынгандан кийин кайтарып берилүүгө тийиш эмес.
4. Патенттин негизинде салык салынууга тийиш болбогон иштин башка түрлөрү менен алектенген, ушул Кодекстин 416-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн салык төлөөчү өз-өзүнчө эсеп жүргүзүүгө, отчетторду берүүгө жана ушул Кодексте белгиленген тартипте иштин ошол түрлөрү боюнча салыктарды төлөөгө милдеттүү. Мында патенттин негизинде иш боюнча жүргүзүлгөн чыгымдар патенттин негизинде салык салынууга тийиш болбогон иштин башка түрлөрү боюнча жылдык жыйынды кирешеден чыгарып салууларга кирбейт.";
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
65) 418-берененин 5 жана 6-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
66) 419-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) ушул Кодекстин 430-беренесинин 5-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иштерге карата ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонуучу ЭЭЗ субъектиси.";
б) 2-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) жаппы салык режими жана башка атайын салык режимдери боюнча салык төлөөчү субъект;";
67) 422-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
"6) ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу иш боюнча товарды ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө анын бажы наркы саналат;
7) виртуалдык активди сатууда жүзөгө ашырылуучу иш боюнча сатып алуу наркын кемитүү менен аларды сатуудан түшкөн акча салык базасы болуп саналат.";
б) 3-бөлүктө "VIII бөлүмүнө" деген сөздөр "VII жана VIII бөлүмдөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
68) 423-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 1-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында иш жүргүзгөн субъектти, импорттоочуну, экспорттоочуну, дистрибьюторду, ошондой эле дары каражаттарын, медициналык буюмдарды сатуучу жана ишин Кыргыз Республикасынан аймагынан тышкары жүзөгө ашыруучу субъектти кошпогондо, катары менен келген акыркы 12 ай үчүн түшкөн акчасынын көлөмү 50000000 сомго чейин болгон субъект 0,5 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт.
Ушул пункт, майлоочу майларды жана башка майларды сатууну кошпогондо, ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды сатууга жайылтылбайт;";
б) 2-бөлүктө "Ушул Кодекстин" деген сөздөр "ЭЭЗ субъектисин кошпогондо, ушул Кодекстин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 2-2-бөлүк менен толукталсын:
"2-2. ЭЭЗ субъектиси ушул Кодекстин 430-беренесинин 5-1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата төмөнкүдөй өлчөмдө салык төлөйт:
а) жарым-жартылай кайра иштетилген товарларды ташып чыгууда - 1 пайыз;
б) товарларды өзгөртүлбөгөн түрдө ташып чыгууда - 3 пайыз.";
г) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Төмөнкүдөй субъект 0,25 пайыз өлчөмүндө салык төлөйт:
1) тигүү жана/же текстиль өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу;
2) зер буюмдарын өндүрүүнү жана/же сатууну жүзөгө ашыруучу.";
д) 8-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Ушул берененин 1-6-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жана өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында соода ишин жүзөгө ашыруучу, экспорттук-импорттук операцияларды жүзөгө ашырбаган субъектти кошпогондо, калкка товарларды, жумуштарды сатууну, кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкер төмөнкүдөй шарттарды бир учурда сактаганда 0 пайыздык ставка боюнча салык төлөйт:";
е) 11-бөлүктө "30000000 сом," деген сөздөр алып салынсын;
ж) 13-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
з) 15-бөлүктө:
- ", 13" деген цифралар алып салынсын;
- "6" деген цифра "4" деген цифрага алмаштырылсын;
и) төмөнкүдөй мазмундагы 17-19-бөлүктөр менен толукталсын:
"17. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын тамактануусун уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу жеке ишкер мамлекеттик бюджеттен каржылануучу каражаттардын суммалары боюнча салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт.
18. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн кыймылсыз мүлктү алмаштырууну жана/же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу субъект салыкты 0 пайыз ставка боюнча төлөйт.
19. Виртуалдык активди сатуу боюнча ишти жүзөгө ашырган субъект сатып алуу жана сатуу наркынын ортосундагы айырмадан 8 пайыз ставка боюнча салык төлөйт.";
69) 426-беренеде:
а) 3-бөлүк "режимди колдонуучу субъект" деген сөздөрдөн кийин "жана ушул Кодекстин 430-беренесинин 51-бөлүгүндө көрсөтүлгөн ишке карата ЭЭЗдин субъектиси" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 6-бөлүктө "8, 13-бөлүктөрүндө" деген сөздөр "8-бөлүгүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
70) 430-беренеде:
а) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына берүү максатында ЭЭЗ аймагында өндүрүлгөн товарларды ташып чыгуу КНС жана акциз төлөөдөн бошотулат.
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды ташып кирүү жана кыйыр салыктарды төлөө ырасталбаган учурда КНС суммасы төлөнүүгө тийиш.";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 51-бөлүк менен толукталсын:
"51. Кыргыз Республикасынын аймагын кошпогондо, келип чыгышы ЕАЭБ жөнүндө келишимге ылайык каралган Товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерине ылайык белгиленген товарларды ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына кийин ташып чыгуу менен ЭЭЗ аймагына импорттоодо ушул Кодекстин 423-беренесинде белгиленген ставкалар боюнча бирдиктүү салык төлөнөт.
ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин аймагына товарларды андан ары ташып чыгуу максатында ЭЭЗ аймагына импорттоону жүзөгө ашыруучу ЭЭЗ субъектиси ушул бөлүккө ылайык ушул Кодекстин 324-беренесинде белгиленген режимди колдонууга милдеттүү.";
в) 9 жана 10-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
71) 436-берененин 41 жана 42-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
72) 443-берененин 41 жана 42-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
73) 450-берененин 41 жана 42-бөлүктөрү күчүн жоготту деп таанылсын;
74) 457-беренеде:
а) 1 жана 2-бөлүктөр төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул главада каралган салык режими Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган соода рынокторунун аймагында ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөргө гана (мындан ары - өзгөчө режимдеги соода зонасы) карата колдонулат.
Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагын ыңгайлаштырууга карата талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык, импорттоочу субъект жана дистрибьютор тарабынан товарларды сатып өткөрүүнү кошпогондо, соода ишине карата колдонулат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"21. Өзгөчө режимдеги соода зонасынын аймагында соода ишин жүргүзүүчү субъект салыкты тандоо боюнча жалпы салык режиминин же бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режиминин негизинде төлөөгө укуктуу.";
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөөчүгө жалпы салык режиминин же бирдиктүү салыктын негизинде атайын салык режиминин негизинде салык төлөөчү субъектти кошпогондо, Кыргыз Республикасынын калган аймагында товарларды сатуу боюнча иш жүргүзүүгө тыюу салынат.";
г) төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүк менен толукталсын:
"31. Ушул берененин 2 жана 3-бөлүктөрүндө белгиленген шарттарга шайкеш келбеген учурларда, салык төлөөчү учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына өзгөчө режимдеги соода зонасында салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө жана салык төлөөчү арыз берген ай боюнча мындай бузууга жол берилген айдын 1-күнүнөн тартып жалпы салык режиминин негизинде эсептелген салыктарды төлөөгө милдеттүү.
Эгерде учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органына салык төлөөчүнүн өзгөчө режимдеги соода зонасындагы каттоосун жокко чыгарууга арыз берүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчү аны бербесе же өз учурунда бербесе, анда салык төлөөчү мындай тартип бузууга жол берилген айдын 1-күнүнөн тартып шайкеш келбегендиги аныкталган ай боюнча жалпы салык режиминин негизинде салык төлөөчү деп таанылат.";
д) 51 жана 52-бөлүктөр күчүн жоготту деп таанылсын;
75) 459-берененин 21-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
76) 460-беренеде "товарларды" деген сөздөн кийин "арызда көрсөтүлгөн соода жайында" деген сөздөр менен толукталсын;
77) 461-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"461-берене. Салыктын ставкасы
Учурдагы календардык жыл үчүн алууга пландалган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнө жараша бир соода ордуна салыктын ставкасы Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
78) 462-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн формула боюнча эсептелген салыктын орточо айлык суммасы белгиленген болуп саналат жана учурдагы календардык жылда алууга пландаштырылган түшкөн акчанын билдирилген көлөмүнөн ашкан учурда салыктын орточо айлык суммасын кайра эсептөөнү кошпогондо, кайра эсептелүүгө тийиш эмес.
Ушул Кодекстин 457-беренесинин 31-бөлүгүндө каралган, төлөнгөн салыктын суммасы сатуудан алынуучу салык боюнча салыктын ашыкча төлөнгөн суммасы катары таанылган учурларды кошпогондо, салыктын төлөнгөн суммасы салык төлөнгөндөн кийин кайра кайтарылбайт.".
2-берене.
"Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 50-берененин 5-бөлүгүнүн 5-пунктунда "17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 31-пункттарында көрсөтүлгөн" деген сөздөр "17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 51-берененин 1-бөлүгүнүн 7-пунктунун 2-абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
3) 52-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкордун - жеке жактын, ошондой эле карызкордун - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча сыртка чыгууга убактылуу чектөө жөнүндө токтом карыздын өлчөмү 500 эсептик көрсөткүчтөн ашкан учурларда чыгарылат.";
б) 31-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"31. Карызкордун чыгуусуна укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча убактылуу чектөө бул тутумга укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча төлөмдөрдүн толук көлөмдө төлөнгөндүгү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган аткаруу жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат түшкөндө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалыматтык тутуму тарабынан түзүлгөн электрондук отчет менен алып салынышы мүмкүн.";
4) 66-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 31-пунктунда каралган аткаруу документтери боюнча карызкордун акча каражаттарынан өндүрүп алуу жеке жактарга карата колдонулат жана юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге карата колдонулбайт.";
5) 129-беренеде:
а) 10-бөлүктүн 1-пунктунун "г" жана "д" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"г) 5000001 сомдон 10000000 сомго чейинки мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 2 пайыз;
д) 10000001 сомдон жогору мажбурлап өндүрүп алынган суммадан 1 пайыз;";
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 111-бөлүк менен толукталсын:
"111. Аткаруу жыйымы түрүндөгү акчалай өндүрүп алууну салуу жөнүндө токтомду кошпогондо, соттун чечими боюнча аткаруу документи жокко чыгарылган учурда, сот аткаруучуга сый акыны эсептөө ушул берененин 10-бөлүгүнүн ченемдерине ылайык жүргүзүлөт.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 19-январы, № 4-9) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) 14-пунктта "1-мартынан" деген сөздөр "1-июлунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"15) Жеке ишкерлер катары катталгандарды кошпогондо, жеке жактар автотранспорт каражаттарын импорттоодо жана сатууда 2022-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алынган кирешелер боюнча салыктарды төлөө боюнча милдеттенмелерди аткаруудан, ошондой эле жоопкерчиликтен, анын ичинде пайыздардын жана туумдардын суммаларын төлөөдөн бошотулат.
Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча түзүлгөн салык карызы, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар карыз, салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү жана/же аяктай элек кылмыш иши болгон учурларды кошпогондо, салык төлөөчүнүн арызынын негизинде эсептен чыгарылууга тийиш;";
в) 16-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"0 пайыздан, 0,1 пайыздан, 0,5 пайыздан жана 1 пайыздан баштап ставкалар боюнча бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму боюнча соода ишин жүзөгө ашыруучу, ошондой эле баштапкы эсепке алуу документтери жок товарларга салык агентинин жоопкерчилигинен жана милдетинен бошотуунун алкагында өзгөчө режимдеги соода зоналарында соода ишин жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма жана тартип боюнча товарды кириштөөнүн кагаз түрүндөгү документин түзүүгө укуктуу;";
г) 18-пункттун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;
д) төмөнкүдөй мазмундагы 19-22-пункттар менен толукталсын:
"19) төмөнкүлөрдү кошпогондо, 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдери салыктык текшерүүлөр менен камтылууга тийиш эмес:
а) уюмду жоюуда жана жеке ишкердин ишин токтотууда пландан тышкаркы текшерүү;
б) КНС төлөөчүнүн арызынын негизинде КНСтин ашып кеткен суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү менен байланышкан салыктык текшерүүлөр;
в) салык төлөөчүнүн такталган салык отчетун салык органы тарабынан кабыл алуу менен байланышкан салыктык текшерүүлөр;
г) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында жана Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде каралган ченемдерге ылайык укук коргоо органдарынын токтомдорунун негизинде дайындалган пландан тышкаркы текшерүү же кайра текшерүү;
20) 2025-жылдын 1-январына карата абал боюнча транспорт каражатына мүлк салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасы бар салык төлөөчү 2025-жылдын 30-ноябрына чейин салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын эсепке алуу же кайтарып берүү жөнүндө арыз менен салык органына кайрылууга милдеттүү. Белгиленген мөөнөткө чейин арыз берилбеген учурда транспорт каражатына мүлк салыгынын ашыкча төлөнгөн суммасы салык төлөөчүнүн өздүк эсебинен бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.
Транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы эсепке алуу салык төлөөчүнүн арызы боюнча салык органы тарабынан жүргүзүлөт;
21) турак эмес имаратка, жайга жана курулмага, ошондой эле административдик-аймактык реформанын натыйжасында катталган жери өзгөртүлгөн калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн 2025-жылы колдонулуучу зоналык коэффициент 1,0гө барабар белгиленет;
22) бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумун колдонууга ниеттенген салык төлөөчү 2025-жылдын 1-сентябрына чейинки мезгил ичинде учурдагы салыктык каттоодо турган жери боюнча салык органына салык салуунун башка режимине өтүү жөнүндө арыз берүүгө укуктуу.
Тандалган салык режими боюнча салыктарды төлөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
- ири жана орто ишкердиктин субъекти тарабынан - арыз берилген айдан кийинки айдын 1-күнүнөн тартып;
- чакан ишкердиктин субъекти тарабынан - отчеттук салык мезгили үчүн.".
4-берене.
1. Төмөнкү салык карызы эсептен чыгарылууга тийиш:
- 2022-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган, анын ичинде ал боюнча өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы бар;
- өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы жок болгондо 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган транспорт каражатына мүлк салыгы боюнча;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 409-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн субъекттерге таандык жана ижарага берилүүчү имараттарга 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жоюлбаган, анын ичинде мындай карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы бар учурлар кошулган мүлк салыгы боюнча;
- I же II топтогу майыптыгы бар жеке жактардын 2024-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин жоюлбаган, анын ичинде ал боюнча сот чечими чыгарылган;
- айыл чарба өндүрүүчүсүнүн 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилинде пайда болгон, айыл чарба муктаждыктары үчүн пайдаланууда жер астындагы сууларды алуу (жер алдынан чыгаруу) бонусу боюнча карызы, анын ичинде мындай карыз боюнча өндүрүп алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы бар болгон учурлар.
2. Ушул беренеге ылайык салык карызын эсептен чыгаруу салык кызматы органдары тарабынан өз алдынча жүргүзүлөт жана ушул берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарында жана 6-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчү тарабынан кайрылууну талап кылбайт.
3. Салык карызы эсептен чыгарылууга тийиш эмес, эгерде төмөнкүлөр бар болсо:
- субъектке карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү;
- ишкердик субъектисине карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аягына чыкпаган кылмыш иши.
Салык карызын өндүрүү жөнүндө сот актысы туумдун бир бөлүгүн гана камтыган учурда, сот актысында камтылбаган калган бөлүгү ушул беренеге ылайык эсептен чыгарылат.
4. Жаңы жана кайрадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо тартибинде сот актысы жокко чыгарылган учурда, салык карызы жаңы жана кайрадан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо боюнча соттун чечими күчүнө кирген учурдан тартып ушул Мыйзамда белгиленген тартипте эсептен чыгарылууга тийиш.
5. Эгерде салык карызы салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча пайда болсо жана чечим бир нече салык мезгилин камтыса, салык карызынын ушул беренеде көрсөтүлгөн мезгилдерге туура келген бөлүгү эсептен чыгарылууга тийиш.
6. Эгерде салык төлөөчүнүн салык карызы ушул берененин шарттарына ылайык келсе, ошол эле учурда салык төлөөчү банкрот болуу баскычында турса, анда эсептен чыгаруу салык төлөөчүнүн арызынын негизинде гана жүргүзүлөт.
7. 2025-жылдын 1-январына чейинки салык мезгилдери үчүн пайда болгон жана ушул Мыйзам күчүнө кирген датага карата жоюлбаган, анын ичинде мыйзамдуу күчүнө кирген өндүрүп алуу жөнүндө сот актысы бар салык карызы эсептен чыгарылууга тийиш:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кызмат" мамлекеттик мекемесинин салыктык текшерүүнүн натыйжасында пайда болгон салык карызы, анын ичинде салык кызматынын органы тарабынан эсептен чыгарылган датага карата эсептелген туумдар жана салык санкциялары боюнча карызы;
- чакан жана орто ишкердик субъекттерине жана, малды кошпогондо, айыл чарба продукциясын сатууну жүзөгө ашыруучу субъекттерге таандык товарларга баштапкы эсептик документтер жок болгон учурда, киреше салыгы боюнча карыз.
8. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөн, консулдук мекемелерден, чет өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынан жана эл аралык уюмдардан же алардын өкүлчүлүктөрүнөн киреше алуучу, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген жеке жактар ушул бөлүк күчүнө киргенге чейин аткарылбаган киреше салыгын төлөө боюнча жоопкерчиликтен жана милдеттен бошотулат.
Көрсөтүлгөн кирешелер боюнча пайда болгон салык карызы, анын ичинде өндүрүп алуу жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар болгон карыз эсептен чыгарылууга тийиш.
9. Өнбөгөн калдыктын 3 пайызын салык төлөөчү төлөгөн шартта Кыргыз Республикасынын аймагынан айыл чарба жаныбарларын (майда жана бодо малды) экспорттоодо (сатууда) 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасынын 97 пайызы, ошондой эле эсептелген туумдардын жана салык санкцияларынын 100 пайызы эсептен чыгарылууга тийиш.
91. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен турак жайларды курууну жүзөгө ашырган мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик участогундагы аскердик окуялардан кийин Баткен облусунун тургундарына кайтарымсыз негизде кийин өткөрүп берүүгө багытталган ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 31-декабрына чейинки салык мезгилдеринде пайда болгон салык карызы, туумдар жана салык санкциялары боюнча карызды кошо алганда, анын ичинде ал боюнча сот чечими чыгарылган карыз (арыздын жана тиешелүү тастыктоочу документтердин негизинде) эсептен чыгарылууга тийиш.
92. Көмүр казып алуу боюнча иш жүргүзүүчү ишкердик субъекттеринин 2026-жылдын 1-январына чейинки мезгилде пайда болгон салык санкциялары жана эсептелген туумдар алар тарабынан өнбөгөн калдыктын суммасы 2026-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
93. 2026-жылдагы салык мезгили үчүн салык органы тарабынан мүлк салыгынын суммасы эсептелгендиги жөнүндө салык кызматынын органынын билдирүүсү менен чегерилген мүлк салыгы боюнча салык санкциялары жана туумдар салык төлөөчү тарабынан көрсөтүлгөн мезгил үчүн пайда болгон өнбөгөн калдыктын суммасын толук төлөгөн шартта эсептен чыгарылууга тийиш.
10. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтарында жана 7, 8 жана 9 - 93-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн салык карызы салык төлөөчүнүн тиешелүү арызынын негизинде салык органы тарабынан эсептен чыгарылууга тийиш.
11. Эгерде салык төлөөчүнүн эсептен чыгарылууга тийиш болгон салыктын бир түрү боюнча салык карызы жана салыктын башка түрлөрү боюнча ашыкча төлөнгөн суммалары бир учурда бар болсо, анда төмөнкүдөй тартип колдонулат:
1) эгерде эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карызынын суммасы ашыкча төлөнгөн салыктардын суммасынан аз болсо, анда ашыкча төлөнгөн сумма эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карызынын суммасынан ашык болбогон өлчөмдө бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат;
2) эгерде эсептен чыгарылууга тийиш болгон салык карызынын суммасы салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн суммадан жогору болсо, анда салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасынын бардыгы бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат.
Ушул пункттун жоболору Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 326-329-беренелеринде аныкталган КНСтин ашыкча суммаларына карата жайылтылбайт.
12. Ушул беренеге ылайык салык органы эсептен чыгарууну жүргүзгөн датага карата төлөнбөгөн салык карызы, анын ичинде эсептелген туумдар жана салык санкциялары эсептен чыгарылууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана төмөнкүлөрдү кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет:
1) 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 12-пунктун;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 24-пунктунун "б" пунктчасынын бешинчи абзацын кошпогондо, 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 10, 13, 16, 19, 24, 37, 50, 52-59-пункттарын, 68-пунктунун "и" пунктчасынын үчүнчү абзацын, 3-берененин "а" пунктчасын;
3) 2023-жылдын 4-апрелинен тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 32-пунктун.
4) 2025-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирүүчү 1-берененин 68-пунктунун "ж" пунктчасын жана 77-пунктун.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 19-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |