Редакцияот 29.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы

2025-жылы 29-июлу № 47

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылына өз нугу менен келүүчү (Апкан) айылынан баштап, суу долбоору жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылына өз нугу менен келүүчү (Апкан) айылынан баштап, суу долбоорун ишке ашыруу максатында А.Эркебаевдин 2025-жылдын 28- июлундагы  билдирүүсүн карап жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Төрт-Гүл айыл  өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылында жайгашкан  №687-контурунда 21м2, №687-контурунда 180 м2,  №685 540 м2, №805-контурунда 420 м2, №80-контурунда 700 м2, №697-контурунда 480 м2, №700-контурунда 96 м2, №722-контурунда 480 м2, №761-контурунда 520 м2, №752-контурунда240 м2, №767-контурунда 1430 м2, №768-контурунда 1700 м2, №802-контурунда 840 м2, №822-контурунда 1310 м2, жер аянты, жалпы 8957 м2 жер аянттын    “Өнөр-жайдын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка жерлер”  категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин Ушул токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  2. Төрт-Гүл айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылындагы жалпы аянты8957 м2 жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге  жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага:

 Н.Артыков