ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII-сессиясы
2025-жылы 29-июлу № 48
Айыл өкмөтүнө караштуу Равилка участкасындагы 200га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 15-беренесинин 82-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесинин 11-пунктунун, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 26-декабрындагы №12-Мыйзамынын 3-беренесинин, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 6-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамына 7-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу №665 токтомунун негизинде, «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын №01-13/3640 сандуу сандуу маалыматына,көрсөтүлгөндөй жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин 2025-жылдын 25-июлундагы №24 сандуу билдирүүсүнүн угуп, жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIIIсессиясы токтом кылат:
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Развилка участкасынан 200.0га жер анын ичинен: №1108-контурундагы 25,5 га жер аянты жайыт жер, №1109-контурундагы 2,0га жер аянты жайыт жер, №1110-контурундагы 10,21 га жер аянты жайыт жер, №1116-контурундагы 29,4 га жер аянты жайыт жер, №1117-контурундагы 1,7 га жер аянты жайыт жер, №1118-контурундагы 15,74 га жер аянты жайыт жер, №947-контурундагы 2,08 га жер аянты жайыт жер, №948-контурундагы 7,42 га жер аянты жайыт жер, №949-контурундагы 4,30 га жер аянты жайыт жер, №950-контурундагы 1,12 га жер аянты башка жер, №951-контурундагы 6,27 га жер аянты жайыт жер, №952-контурундагы 33,43 га жер аянты жайыт жер, №1122-контурундагы 0,16 га жер аянты жайыт жер, №953-контурундагы 0,63 га жер аянты жайыт жер, №946-контурундагы 60,25 га жер аянты жайыт жер, №957-контурундагы 0,32 га жер аянты жайыт жер “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Айыл чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
- Баткен райондук суу чарба башкармалыгына 200 га жер аянтын убактылуу пайдаланууга уруксат берилсин.
- Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Развилка участкаынан 200.0га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Төрага: | Н.Артыков |