ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 35
Айыл аймакта таза суу пайдалануучулардын тарифин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ө. Ибрагимовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикаснын “Ичүүчү суу жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңеши токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагында ичүүчү таза суунун тарифи бир айына кожолуктагы ар бир жан башыга 20(жыйырма) сом өлчөмүндө, үйүнө киргизип алган кожолуктар үчүн ар бир жанга 40(кырк) сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Бекитилген тариф боюнча жыйымдарды өз убагында жыйноо жана таза суу менен камсыз болгон айылдардагы кожолуктарды таза суу менен үзгүлтүксүз, сапаттуу камсыздоо Орозбеков муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |