Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы

 

2025-жылдын 1-августу № 39

 Кош-Дөбө айылынан 0, 10 га жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө.

    Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 15, 24-пункттарына ,  Орозбеков айыл өкмөтүнүн 08.07.2025-жылдагы №01-05/1137 сандуу катына, жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимине жана  айыл аймагында мал союу кызматтарын санитардык жактан талапка ылайык шартта жүргүзүү максатында, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Орозбеков айыл аймагынын Кош-Дөбө айылынан  0,10 га жер аянтын жайыт жерлер  багытынан өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер багытына  которууга макулдук берилсин.
  2. Которулган жер аянты муниципалдык менчикке катталып, “Мал соючу” жай куруу максатында пайдаланылсын.
  3.  Мал союучу жайдын курулушу ветеринардык-санитардык, экологиялык жана шаар куруу талаптарына ылайык жүргүзүлүшү, тиешелүү уруксат берүүчү документтерди алуу жана долбоордук-сметалык иштерди жүргүзүү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
  4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер жана муниципалдык менчикти башкаруу, социалдык маселелер  боюнча туруктуу комиссияларына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

К.Каримов