Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы

 

2025-жылдын 1-августу № 41

               Айыл өкмөтүнө лизингге кызматтык унаа сатып алуу жөнүндө

    Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25.07.2025-жылдагы №633-Тескемесине, Орозбеков айыл өкмөтүнүн 30.07.2025-жылдагы чыгыш №01-04/1325 сандуу катына жана    айыл өкмөтүнүн кызматтык ишмердүүлүгүн натыйжалуу камсыз кылуу максатында, Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Орозбеков айыл өкмөтүнө лизинг жолу менен кызматтык унаа алуу үчүн “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААК сы менен келишим түзүүгө макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 25.07.2025-жылдагы №633-Тескемесинин 1-тиркемесине ылайык иш-кагаздарын тактап, лизингге кызматтык унаа алуу боюнча  өтүнмө  берүү  айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

К.Каримов