ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 43
Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Э. Аскарованын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна жана 5-беренесинин 3-пунктуна негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айылдык кеңешинин депутаты Аскарова Элмира Исраиловнанын депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу, депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
- Токтомдун көчүрмөсүн Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жана аткарылышын камсыздоо айылдык кеңештин жооптуу катчысына тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |