ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 44
Айыл аймагындагы эс алуучу жайлардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Орозбеков муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ө. Ибрагимовдун баяндамасын угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна, Орозбеков муниципалдык ишканасынын 31.07.2025-жылдагы чыгыш №25 сандуу катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Орозбеков айыл аймагынадагы бардык эс алуучу жайлардагы таштандыларды ташып чыгаруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи бир айга эс алуу жайындагы ар бир тапчанга 1000(миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
- Жеке ишкерлер менен таштандыларды ташып чыгаруу боюнча белгиленген тариф менен келишим түзүү жана иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнө жана муниципалдык ишканага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы маселелери, этика, мыйзамдуулук жана адам укуктарын коргоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |