ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 1-августу № 45
Кадамжай райондук электр тармактары ишканасынын Пүлгөн бөлүмүнө жаңы имарат курууга жер аянтын ажыратуу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине, Кадамжай РЭТ ишканасынын 31.07.2025-жылдагы чыгыш №330 сандуу катына негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Айыл аймактын тургундарына кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана бирдиктүү терезе принциби боюнча иш алып баруу максатында айыл өкмөттүн короосунун чыгыш түштүк тарабынан Кадамжай РЭТ ишканасынын Пүлгөн бөлүмүнө имарат куруу үчүн 2(эки) сотых жер аянтын мөөнөтсүз ижарага берүүгө макулдук берилсин.
- Кадамжай РЭТ ишканасы менен жер участогунун чектери, пайдалануу максаты жана мөөнөтүн көрсөтүп, мыйзам чегинде келишим түзүп, ижарага берүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |