Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Күнтуу айыл аймагынын Күнтуу айылдык Кеңешинин кезектеги 6- отуруму
2025-жылдын 23-июлу № 6/57
Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо
жөнүндө
Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Дж. Джумакадыров өз каалосу менен айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандыгына байланыштуу, Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын кайра шайлоо жөнүндө Күнтуу айылдык кеңештин төрагасы Ж.Ж. Султанбеков сунуштаган талапкер жөнүндө угуп, талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине ылайык, Кунтуу айылдык кеңешинин Регламентинин негизинде, Күнтуу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Джаркынбаев Турдубек Бейшенбекович шайлансын;
2. Күнтуу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы № 1/2 “Күнтуу айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы |
Ж.Ж. Султанбеков |