Редакцияот 20.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIIl чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2025-жылдын 25-августу  № 104

 Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын  Уставын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын жана Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-августундагы   №402 сандуу катынын негизинде жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Суу-Башы   айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын  Уставы бекитилсин.  

 

2.    Суу-Башы  айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаатынын  Уставына ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.    Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

К.Шакиров