Редакцияот 18.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 18-июлу  № 8/1

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 54-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Уч-Коргон айыл аймагындагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө, жергиликтүү кеңештин  депутаттарынын алдында, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировдун   2025-жылдын 1-июнуна чейин, жарым жылдын ичинде Үч-Коргон айыл аймагында аткарылган иштер жөнүндө

Үч-Коргон айыл аймагында 2025-жылдын 1-июнуна чейин, жарым жылдын ичинде аткарылган иштер боюнча маалыматтарды депутаттар толугу менен талкуулап, Үч-Коргон айылдык кеңеши төмөнкүдөй токтом кылат:

 

  1. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы – О.М.Шакировдун 2025-жылга карата жарым жылдык отчету канааттандырарлык деп кабыл алынсын.

 

  1. Ушул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Б.Бердибеков