Редакцияот 18.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Коргон айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2025-жылдын 18-июлу  № 8/3

 Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо” жөнүндөгү №63 Мыйзамынын аткарылышы боюнча 2025-жылда өткөрүүлүчү иш-чараларга, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекс мыйзамдарынын жетекчиликке алып, Үч-Коргон айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27-апрелиндеги “Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан сактоо жана коргоо” жөнүндөгү №63 Мыйзамынын аткарылышы боюнча 2025-жылда өткөрүүлүчү иш-чараларга, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинен 120 000 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө  макулдук берилсин.

 

2.    Токтомдун аткарылышы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы О.М.Шакировго жүктөлсүн.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финанс жана бюджет  маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.Бердибеков