Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 5-августу № 468
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы талаптарды жөнөкөйлөтүү, тамак-аш азыктарын сатуу менен алектенген ишкердик субъекттери үчүн ашыкча административдик тоскоолдуктарды жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 "Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Тамак-аш азыктарын дүң жана чекене сатуучу объекттерге карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар" санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:
- 5-пунктта:
17-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17) тамак-аш азыктарын чекене сатуу объекти (соода объекти) - субъекттер чекене соода ишин жүргүзүү үчүн пайдалануучу мүлктүк комплекс (соода үйү, соода борбору, дүкөн, соода-рыноктук комплекс, автолавка);";
төмөнкүдөй мазмундагы 17-1-пунктча менен толукталсын:
"17-1) тамак-аш азыктарын дүң сатуу объекти - тамак-аш азыктары таңгакталган түрдө турган дүң соода ишин жүзөгө ашыруу үчүн субъекттер тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс (дүң азык-түлүк кампасы), бул объектте тамак-аш азыктары таңгакталбастан (ачык түрдө) турушу болжолдонгон тамак-аш азыктарын фасовкалоо, кайра таңгактоо жүргүзүлбөйт жана бул объекттен тамак-аш азыктарын берүү да таңгакталган түрдө жүргүзүлөт;";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Тамак-аш азыктарын дүң соода объекттерин жайгаштырууда өнөр жай жана башка объекттердин санитардык-коргоо зоналарына карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.";
- 13, 14, 20, 23-пункттарда "Соода" деген сөз "Чекене соода" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 15-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 17, 24, 34, 35, 41, 54, 61, 112-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"21. Көмөкчү, администрациялык-чарбалык жана персонал үчүн турмуш-тиричилик жайлары тамак-аш азыктарын ачык түрдө (таңгактабастан) сактоочу жайлардан изоляцияланат.";
- 22-пункт "сактоо жана" деген сөздөрдөн кийин "чекене" деген сөз менен толукталсын;
- 25-пункттун экинчи сүйлөмү алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |