АК-ЧИЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Ак-Чий айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын депутаттарынын 14 – сессиясы
2023-жылдын 19-июлундагы № 10
Ак-Чий айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө, Джийде айылдарында таштанды чыгаруу үчүн таштанды полигондорунун контурларын аныктап, Ак-Чий айыл Кеңештин депутаттары
Токтом кылат:
1. Ак-Чий айыл өкмөтүнө караштуу Жоон-Дөбө айылында таштанды чыгаруу үчүн таштанды полигонунун жайгаша турган жери 2059 контурунан 1 га жери бекитилсин.
2. Ак-Чий айыл өкмөтүнө караштуу Джийде айылында таштанды чыгаруу үчүн таштанды полигонунун жайгаша турган жери 1473 контурунан 1 га сотых жери бекитилсин.
3. Ишти жүзөгө ашыруу боюнча Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айталиевге милдеттендирилсин.
4. Аталган иш чараларга көзөмөлдөө жүргүзүү жагы Ак-Чий айыл Кеңештин жер комитетинин төрагасы К.Кубанычбековго тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Абдыкадыр уулу |