Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-августу № 480
Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүгө конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүүгө конкурс өткөрүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба иштин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-мартындагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 423 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-августундагы № 440 "Кыргыз Республикасынын белгилүү бир мергенчилик жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү конкурсун өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |