КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 30
Кызыл-Адыр айылында жаңы курулган “Асыл” спорттук комплексин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5, 9-беренелери, Меценат Абилдаев Болот Ералхановичдин кайрылуу катынын негизинде, Кара-Буура айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат
1. Кызыл-Адыр айылында жаңы курулган “Асыл” спорттук комплексин айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктү муниципалдык менчик реестирине кабыл алуу боюнча мыйзам талаптарына ылайык, тиешелүү иш кагаздарын даярдап аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн башчысы (Б.М.Стамкулов) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду “Талас байрагы” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестрине каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагын Кара-Буура айылдык кеңешинин жооптуу катчысы (К.Шайымкулов) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Кара-Буура айылдык кеңешинин “Укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент, курулуш, ички жолдор жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. А. Джумагулов |