КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 28
Кыргыз Респуликасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жонүндөгү Кыргыз Респуликасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айылдык Кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Айтматов районундагы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жумушчу тобунун 2023-жылдын 22-августундагы №3 чечими колдоого алынсын.
2. Кара-Буура айыл аймагына Бакыян жана Бейшеке айыл аймагын бириктирүү менен Кара-Буура айыл аймагы болуп аталсын.
3. Бириккен Кара-Буура айыл аймагынын борбору Кызыл-Адыр айылында жайгашсын.
4. Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын, чек араларын, жайыт жер аянттарын, калкынын санын тактоо иштери райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Буура айылдык кеңешинин “Укук тартиби, мыйзамдуулук, этика жана регламент, курулуш, ички жолдор жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Gagsmsu.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М. А. Джумагулов |