АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 11-февралы № 5
Атай Таза суу жетекчисинин ишмердүүлүгүн кароо жөнүндө
Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин ар кандай маселелер боюнча Мыйзамдуулук туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Атай Таза суу коомунун жетекчиси С.Арзыкуловдун ишмердүүлүгүн карап ,счетторун текшерүү боюнча райондук прокуратурага кайрылуу жагы айыл өкмөт башчы А.К.Жаныбаевге милдеттендирилсин.
2.Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.
Атай айылдык кенешинин төрагасы: |
| Н.Т.Жээнбаев |