АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 2-марты № 1
“Атай Биримдик”муниципиалдык ишканасынын документ кагаздарын кароо жөнүндө.
Атай айыл аймагынын айылдык Кенешинин орун басары К.Манапбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Атай айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Атай Биримдик”муниципиалдык ишканасынын документ кагаздарын карап тактап чыгуу айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.
2. Айыл чарба техникаларын (тракторлор) арендага берүү жагы жалпы эл жыйынында каралсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин төрагасы Н.Жээнбаевге милдеттендирилсин.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
Н.Т.Жээнбаев |