Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 28-апрели № 1
Атай айыл аймагынын Саймалуу-Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин китепкана, ашканасынын имаратын курулуш иштерин толук бүткөрүү үчүн элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Атай айылдык Кенеши Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Атай Айылдык Кенешинин V чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Карл Маркс айылынын жалпы жыйынынын 2022-жылдын 15-апрелиндеги №6 протоколу бекитилсин.
2. Атай айыл аймагынын Карл Маркс айылынын Саймалуу Таш жалпы билим берүүчү орто мектебинин китепкана,ашканасынын имаратын курулуш иштерин толук бүткөрүү үчүң Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фондусу мекемесине долбоор сунуштоо жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевге тапшырылсын.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестерине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзүү Атай айылдык Кенешинин “Пландоо-бюджет ”боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
Н.Т.Жээнбаев |