Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 18-сентябры № 96-чуа
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 39-чуа «КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу» Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Архитектура-шаар куруу ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүү, ченемдик-укуктук жөнгө салууну жакшыртуу жана шаар курууну пландаштыруунун сапатын жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө” Жобону жетекчиликке алуу менен, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 39-чуа буйругу менен бекитилген КР КЧ 30-01:2020 “Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу” Кыргыз Республикасынын Курулуш ченемдерине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1). “Селитебдүү аймак” деп аталган 5-бөлүмдүн 5.13 пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
2 "Өрткө каршы талаптар" деп аталган А тиркемесинин 1-бөлүмүнүн эскертүүсүнүн 1.4-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Имараттарды жарым-жартылай кесилишкен терезе оюктары жок дубалдар менен долбоорлоодо алардын ортосундагы аралык ченемделбейт, бирок дубалдардын кесилишкен жеринин борборунан 5 метр радиуста терезе оюктары жок болуп жасалышы керек.”.
3) “Өрткө каршы талаптар” деп аталган А тиркемесинин 2-бөлүмүнүн 2.1-пункту төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
“Узунунан кеткен терезе оюктары жок дубал орнотулган учурда, ал тарабынан өтүү жолун камсыздоо талап кылынбайт.”
4) мамлекеттик тилдеги "Өрткө каршы талаптар" деп аталган А тиркемесинин 2.1-пунктунун эскертүүсүнүн 7,8,9 жана 10-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
5) мамлекеттик тилдеги "Өрткө каршы талаптар" деп аталган А тиркемесинин 2.1-пунктунун эскертүүсү 7,8,9,10 жана 11-пункттар менен толукталсын:
“7. Өрт техникасынын долбоорлонуп жаткан имаратка кирүүсү өрт техникасынын өтүшү үчүн жанаша өтүүчү жолдор же жарактуу аянтчалар аркылуу уюштурулушу мүмкүн.
8. Туюк өтмөктөр А.2 таблицасына ылайык аянтчалар менен аякташы керек. Туюк өтмөктүн максималдуу узундугу 150 метрден ашпашы керек. Узундугу 50 метрге чейинки туюк өтмөктөр бурулуш аянтчаларысыз каралат.
9. Имараттардагы, курулмалардагы жана курулуштардагы тепкич клеткалары аркылуу өтмөктөр бири-биринен 100 метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылышы керек. Имараттар, курулмалара жана курулуштар бири-бирине бурч менен жанаша жайгашса, эсептөө үчүн өрт гидранттары бар тышкы суу түтүгүнүн периметри боюнча аралык алынат.
10. Стилобаттын чатырын өрт техникасынын кириши үчүн колдонууда стилобаттын конструкциялары өрт автомобилдеринин огуна кеминде 10 тоннадан кем эмес жүк көтөрө тургандай эсептелиши керек.
11. Өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык, өрт техникасы менен суу алуу үчүн дарыяларга жана көлмөлөргө жетүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек.”.
2. Шаар куруу жана архитектура департаменти:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн;
- бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде көчүрмөлөрү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жөнөтүлсүн.
3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары Б.Б. Турдугуловго, Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору З.А. Кангельдиевага жүктөлсүн.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |