Редакцияот 17.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 17-сентябры № 200

 

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө

1-берене

Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаары Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Манас шаары деп кайра аталсын.

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 10-сентябрында № 71 (3727) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

 

 

2025-жылдын 10-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган