Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кадамжай шаардык Кеңешинин V-чакырылышынын кезексиз XIII - сессиясы

2025-жылдын 29-августу № 54

 Кадамжай шаарынын аймагында салык эмес төлөмдөрдүн (түтүн пулу) тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кадамжай шаардык кеңешинин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Салык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кадамжай шаарынын аймагындагы таштандыларды тазалоо (түтүн пулу) үчүн ар бир турак жайга (кожолука) жылына бир жолу 50 (элүү) сом, юридикалык жеке ишканалардын ар бир кызматкерлерине 100 (жүз) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин.

 

2.    Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин каржы, бюджет, пландоо жана экономиканы өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

4.    Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.

 

 

Тѳрага:

К.Дастиров