Редакцияот 18.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2025-жылдын 12-июyу №35

Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылынын С.Садыков көчөсүндө жайгашкан 33 263 кв.м жер тилкесин жана анда жайгашкан имараттарды муниципалдык менчикке каттоо жөнүндө

 

 

          Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-19-беренелерине ылайык, Лейлек райондук сотунун 2024-жылдын 20-февралындагы №ГД-263/22-БА4 сандуу чечиминин жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун административдик сотунун 2025-жылдын 22-апрелиндеги иш №АД-31/2025-МБа сандуу аныктамасынын  негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши  токтом кылат:

 

  1. Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук айылынын С.Садыков көчөсүндө жайгашкан 8-03-03-1003-0405 кодундагы 33 263 кв.м жер тилкесин жана анда жайгашкан имараттары муниципалдык менчикке катталсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышы жана тийиштүү иш кагаздарын түзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө   жүктөлсүн.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага

К.Мурадилов